Тарых кафедрасында уюштурулган иштер » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Тарых кафедрасында уюштурулган иштер
10 ноябрь 2022
531

Тарых кафедрасында уюштурулган иштер

Жаштар жумалыгынын алкагында "Кыргызстандын мыкты студенти" Республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине ОшМПУнун гуманитардык факультетинин Тарых кафедрасына караштуу Т-19 тайпасынын 3-курсунун студенти Суранали кызы Акбермет катышып,II даражадагы дипломдун жана төш белгисинин ээси болду. Акберметти кафедранын атынан кызуу куттуктайбыз! Мындан ары да ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз.

Сыйлоо аземинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген эң активдүү жана окууда ийгиликтерди көрсөткөн студенттерге I, II, III даражадагы атайын даярдалган Ардак грамоталар, китептер жана төш белгилер тапшырылды. Сыйлыктарды коомдук ишмер,меценат, Салымбеков университетинин негиздөөчүсү - Аскар Салымбеков, "Маданият маалымат,спорт жана жаштар саясаты министрлигинин" Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Таалайбек Бердиев жана Салымбеков бизнес мектебинин жетекчиси Жакшылык Бекназаров сыйлык тапшырышты.Мыкты студент деген наамга арзыган баардык студенттерди сыйлыгы менен куттуктап,келечекте албан ийгиликтерди каалайбыз! 

 

10-ноябрь бүткүл дүйнөлүк илим күнүн утурлай, "Тарых" кафедрасында Таиров Кубанычбек Абдилазизовичтин 07.00.02 – Ата Мекен тарыхы адистиги боюнча тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн даярдалган “Сүлүктү шаарынын өнөр жайынын тарыхы (1917-2010-жж)” аттуу диссертациясын талкуулап ачык коргоого сунушталды. Талкууга кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана башка ЖОЖдордун илимпоз окумуштуулары катышты. 

 

 

 

 

 

Ош МПУнун магистратура бөлүмүнүн 550400 Социалдык-экономикалык билим берүү багытынын СЭБ-21к тайпасын илимий-изилдөө практикасына жөнөтүү боюнча 22-октябрда конференция болуп өттү. 

 

 

 

 

 

 

 

2022-2023-окуу жылынын 23-сентябрында "Тарых" кафедрасынын окутуучусу Казакбаев Канатбек Кеңешович Т(б)-22 тайпасы менен бирге "Эне тил" күнүнө карата "Улут болсом-тилим менен улутмун" аталышындагы ачык тарбиялык саат өттү. 

 

 

ОшМПУнун тарыхчылары Татарстанда Биляр шаарынын калдыктарын изилдөөчү экспедицияга катышууда

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин тарых кафедрасынын окутуучулары жана студенттери атайын илимий иш сапар менен РФнын Татарстан республикасында болушуп, анда тарыхый шаарларды изилдөө боюнча казуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Аталган тарыхый изилдөөдө Татарстан Республикасынын Алексеев районунун Билярск айылында Биляр тарыхый шаарынын калдыктарын изилдөөчү археологиялык экспедиция жүрүүдө. Бул экспедицияны КФУнун Елабуга институтунун Тарых жана филология бөлүмүнүн Жалпы тарых жана Ата Мекен тарых кафедрасынын доценти, т.и.к. Нигамаев Альберт Зуфарович жетектеп жатат.

Археологиялык экспедицияга Казан университетинин, Елабуга институтун тарыхчылары жана ОшМПУнун Тарых кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Осмонов Самарбек Жумабекович, окутуучу-магистр Казакбаев Канатбек Кенешович жана тарых адистигинде окуган Медербеков Кайратбек, Шерикбек кызы Жанара, Советбек кызы Буниса жана Минбаева Нуриза катышып, өз билимдерин өстүрүү менен мыкты тажрыйба топтошууда.

Белгилей кетсек Оштон барган делегациянын иш сапары 24-июндан 7-июлга чейин пландалып, ал Казань федералдык университети менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин билим берүү жаатындагы келишимдерине ылайык ишке ашууда. Өкүлдөр алгач аймактагы тарыхыйжерлер, музейлер менен таанышып чыгышса, учурда жергиликтүү изилдөөчүлөр менен бирге казуу иштерин жүргүзүшүүдө.

 жаткан аймактын аянты 144м. кв түзөт. Изилденип жаткан аймакта араб саякатчысы Ибн Фадлендин маалыматына караганда булгар падышасы Алмуштун мезгилинде 922-жылы Биляр шаары негизделген. Бул шаар X кылымда Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштырган соода борбору катары кызмат кылган. Шаардын жалпы аянты 700 га ээлеп, жүз минге жакын калкы болгон. 1236-жылы монголдордун кол салуусунун натыйжасында шаар талкаланып, өрттөлгөн.

Азыркы күндө Биляр мамлекеттик тарыхый-археологиялык жана табигый музей коругу аттуу музейинде Биляр шаарчасынан табылган археологиялык табылгалар, экспонаттар сакталууда.  

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro