Ош мамлекеттик педагогикалык университети
» » » ОшМПУда ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
4 март 2022
80

ОшМПУда ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОшМПУда ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Студенттер легендарлуу парламенттин депутатынан туунун кабыл алынышы боюнча маалымат алышты.

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Тарых кафедрасы жана Жаштар комитети тарабынан туу күнүнө карата иш чара уюштурулуп, мында студенттер тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов менен жолугушту.

Иш чарада профессор мамлекеттик туунун кабыл алынуу тарыхына кайрылып, анын өлкө үчүн эл үчүн канчалык маанилүү экенине токтолду. Студенттер арасында жаралган бир топ суроолорго жооп берүү менен алардын оюн бышыктады. Туунун кабыл алынуусунда ошол кездеги парламенттин депутаты Балтагул Нурунбетовдун салымы бар. Кызыл туу бул мамлекеттин жүзү. Элдин биримдиги, ынтымагы, өнүгүп өсүүсү үчүн ушул тууну кабыл алганыбыз али да эсимде дейт. Бирок анын жаралуусунда бир топ тартышуулар да болгонун айтат.

Быйыл туунун кабыл алынганына 30 жыл толду. Желек 1992-жылы 3-мартта КРнын Жогорку кеңеши тарабынан кабыл алынган. Кезинде тууну кабыл алуу боюнча атайын комиссия тузүлүп, конкурс жарыяланып, Ж.Матаев, Э.Айдарбеков, М.Сыдыков, Б.Жайчыбеков жана С.Иптаров тарабынан эскизи даярдалып, “Кыял” мамлекеттик ишканасынын цехинде жасалган.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош облусу, Ош шаары

Исанов көчөсү 73

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro