ОшМПУда ИЛИМИЙ КӨРГӨЗМӨ УЮШТУРУЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда ИЛИМИЙ КӨРГӨЗМӨ УЮШТУРУЛДУ
10 ноябрь 2022
365

ОшМПУда ИЛИМИЙ КӨРГӨЗМӨ УЮШТУРУЛДУ

ОшМПУда ИЛИМИЙ КӨРГӨЗМӨ УЮШТУРУЛДУ
10-ноябрь илим күнүнө карата Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде илимий көргөзмө болуп өттү.
Көргөзмөдө окутуучулардын илимий эмгектери менен жакындан таанышуу, тажрыйба алмашуу, студенттердин илим тармагында маалыматка ээ болуу деңгээлин жогорулатуу максатында окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров, факультеттердин илимий иштерин жүргүзгөн окумуштуулар жана китепкана тарабынан уюштурулган. Мында ар бир факультеттин окутуучуларынын окуу-усулдук жана илимий эмгектери, өз ийгиликтери, жетишкендиктери, китептери, сыйлыктары, илимий жана монографиялык изилдөөлөрү, жарык көргөн илимий макалалары стол үстүнө жайылды.
Ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жамаат катышып, университетте жасалган эмгектер, китептер кыргыздын улуу мурасы, баалуу табериги экендигин белгиледи. Ошондой эле ректор жаштардын түбөлүгүн түздөгөн, руханий азык берген керемет иштердин көп болуусун айтып, илим чөйрөсүндө эмгектенген кызматкерлерди кызуу куттуктады.
Белгилей кетсек, 10-ноябрь Тынчтык жана өнүгүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк илим күнү катары, илимге пайда келтирүү үчүн коомчулуктун аң-сезимин жогорулатуу максактында жыл сайын белгиленип келет.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro