Ош мамлекеттик педагогикалык университети
» » Ош МПУда БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
22 апрель 2022
118

Ош МПУда БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Ош МПУда БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк “Китеп” күнүнө карата Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин китепканасы тарабынан жумалык өткөрүлдү. Бул тууралуу китепкана башчысы Крамат Каралаева билдирди.

Маалыматка ылайык аталган жумалык 19-апрельден 22-апрельге чейин уланып, анда жаштарды китеп окууга тартуу максатында бир топ иш чаралар уюштурулду.

19-апрель Колледждин китепканасында “Балдар менен бирге китеп окуйбуз” деген аталышта адабий кече болуп, студенттер жана Ош шаарындагы №19 Навои атындагы орто мектебинин окуучулары биргеликте адабий китептерди окушуп, ал китеп тууралуу жыйынтыгында талкуу кылышып өздөрүнүн эркин пикирлерин билдиришти. Ошондой эле мугалимдер тарабынан катышуучуларга кеп-кеңештер айтылып, китептин баалуулугу, улуулугу, маани-маңызы тууралуу баяндамалар окулду.

20-21-22-апрель кундөрү Колледжде жана башкы корпуста  “Китеп билим булагы” аттуу жаңы окуу китептеринин көргөзмөсү уюштурулуп, анда окутуучулар, студенттер жана ата-энелер китептер менен жакындан таанышып чыгышты. Бул менен бирге китепкана кызматкерлери тарабынан жаңыдан келген китептер, журналдар боюнча көрүүчүлөргө түшүндүрмө маалыматтар берилип жаштарды китеп окууга шыктандырган кеңештер айтылды.

Белгилей кетсек 23-апрель - бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайтышкан.

Ошондуктан, бул күндүн символикалык мааниси бар болгондуктан, ЮНЕСКО китеп менен автордук укукту урматтоо максатында аталган күндү атайын белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыккан. 

Ал эми кыргыз өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө шартын кабыл алган. 

Өкмөттүк токтомдо Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо аркылуу дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен өлкө коомчулугун тааныштыруу багыттарын аныктаган.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош облусу, Ош шаары

Исанов көчөсү 73

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro