КИТЕП - БИЛИМ АЛУУНУН БАШКЫ КУРАЛЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » КИТЕП - БИЛИМ АЛУУНУН БАШКЫ КУРАЛЫ
15 февраль 2023
358

КИТЕП - БИЛИМ АЛУУНУН БАШКЫ КУРАЛЫ

КИТЕП - БИЛИМ АЛУУНУН БАШКЫ КУРАЛЫ
14-февраль Китеп белекке берүү күнүнө карата Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде акыл таймаш болуп өттү.
Иш чара студенттердин билим деңгээлин өстүрүү жана китеп окуу маданиятын жандандыруу максатында колледждин жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, ага студенттерден куралган 10 команда катышты.
Мында катышуучулар түрдүү категориялардагы тапшырмаларды аткаруу менен өз билимдерин сынашып , логикалык ой жүгүртүүнү жогорулаткан предметтик суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгында уюштуруу тобу жеңүүчү командаларга диплом жана китептерди белекке тапшырды.
Белгилей кетсек 14-февраль - Эл аралык китеп тартуулоо күнү. Китеп сүйүүчүлөрдүн күнүнө айланган бул майрам 2012-жылдын ушул күнүнөн тарта белгиленип келет. Майрамды белгилөө демилгеси АКШдагы балдар китептеринин сайтынын негиздөөчүсү Эмми Бродмур аттуу айымга таандык. Анын уулдарынын бири ага эмне үчүн адамдар бири-бирине китеп белек кыла турган майрам жок деп сураганда, апасы бул идеяны көтөрүп чыгып, коомчулукка сунуштап, дүйнө эли аны колдогон.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro