ОшМПУда 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди
22 апрель 2025
8

ОшМПУда 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди

ОшМПУда 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттерге арналган “Китеп – биздин доордун күзгүсү” аталышында таймаш өткөрүлдү.
Ага китепкана башчысы Карамат Каралаева баштаган окутуучулар жана студенттер күбө болушту. Мында университеттен жана колледжден суурулуп чыккан 2 команда кызуу таймаш курушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар “Китеп биздин көзүбүз менен” аталышындагы сахналык көрүнүштөрдү аткарышып, макал-лакап айтышуу, китепти шар окуу жана көркөм окуу багыттары боюнча мелдешип, өз ой-жүгүртүүлөрүн жана билим деңгээлдерин көрсөтүштү.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен колледждин “Китеп канат” командасы жеңүүчү деп табылып, Ардак грамота жана түрдүү белектер менен сыйланышты. Бул менен бирге университеттин “Китеп күчү” командасына да уюштуруу тобу тарабынан ыраазылык баракча, белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек аталган саамалык студенттерди китеп окууга үндөө максатында окуу жайдын 100 жылдыгына карата университеттин китепкана бөлүмү тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro