23 апрель 2025
18
РЕКТОР КИТЕПКАНА КЫЗМАТКЕЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
РЕКТОР КИТЕПКАНА КЫЗМАТКЕЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
23-апрель-Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата ОшМПУнун кызматкерлери Ардак грамота менен сыйланышты.
Сыйлыкты ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев тапшырып, китепкана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап өттү.
Мында билим берүү тармагында ак ниет эмгеги, келечек муунга татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымы үчүн Гүлмира Кадырбекова окуу жайдын Ардак грамотасына ээ болду. Ал эми Ош шаарынын социалдык маданий өнүгүүсүнө, калктын маалыматтуулугун жогорулатууга кошкон салымы жана окурмандарды сапаттуу тейлөөдөгү ак эмгеги үчүн Гүлбурак Төлөгөнова Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.