4 декабрь 2024
0
ОшМПУнун МУРАС ТЕЛЕСТУДИЯСЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ МОСКВАДА ӨТҮП ЖАТКАН ОКУУ КУРСУНА КАТЫШУУДА
ОшМПУнун МУРАС ТЕЛЕСТУДИЯСЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ МОСКВАДА ӨТҮП ЖАТКАН ОКУУ КУРСУНА КАТЫШУУДА
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Мурас телестудиясынын кызматкери Айсулуу Суюнбек кызы Россиянын Москва шаарында өтүп жаткан билим берүү курсуна катышууда.
Аталган окуу курсу III Эл аралык “Чынчыл көз караш-2024” аталышында болуп, ага дүйнөнүн төрт тарабынан чогулган 32 катышуучу, анын ичинде Кыргызстандан барган 4 жаш журналист катышып жатат. Катарда окуу жайдын Мурас телестудиясынын кызматкери Айсулуу Суюнбек кызы да катышып, учурда өз билимин жогорулатуунун аракетинде.
Программага ылайык катышуучуларга журналисттик квалификацияны жогорулатуу, билим берүү чөйрөсүн кеңейтүү, ЖМК чөйрөсүндөгү Эл аралык проблемалар, глобалдык чакырыктар, журналистиканын заманбап тармактарын өздөштүрүү жана гуманитардык долбоорлорду чагылдыруу контекстинде массалык коммуникация технологиялары боюнча россиялык жана чет элдик эксперттерден конок-лекциялар, масстер-класстар жана тренингдер өткөрүлүүдө.
Бул менен бирге алар Москванын Russia Today телеканалынын студиясына барып, жакындан таанышып, мындан сырткары чет элдик СМИ үчүн III Эл аралык медиа сыйлыгын тапшыруу аземине катышууда. Саамалык 5 күнгө созулуп, иш чаранын алкагында Москванын тарыхый жана маданий жерлерине экскурсия уюштуруу каралган.