Гулсара Омуралиева 75 жашта » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Гулсара Омуралиева 75 жашта
25 октябрь 2022
852

Гулсара Омуралиева 75 жашта

ОшМПУда профессор Гулсара Омуралиеванын 75 жылдыгына карата эл аралык илимий конференция өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Ааламдашуу доорундагы билим берүүнүн жана илимий изилдөөлөрдүн актуалдуу маселелери: тарых, салттуулук, жаңылануу, изденүүлөр жана өнүгүү келечеги” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конфференция ОшМПУнун профессору, биология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери Омуралиева Гулсара Кушатовнанын 75 жылдык юбилейине карата уюштурулуп, ага Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиктери х.и.д., профессор Бектемир Мурзубраимов, б.и.д., профессор Биймырза Токторалиев жана г.и.д.. профессор Курбанали Матикеевдер баштаган беделдүү илимпоздор, ОшМПУнун ректору п.и.д., профессор Бекмурза Зулуев баштаган окуу жайдын жамааты, ЖОЖдордун окутуучулары, мектеп мугалимдери жана студенттер катышты. Иш чарага онлайн форматта коңшу мамлекеттердин, Оруссия өлкөсүнүн илимпоздору да катышып, баяндама жасашты.
Конференцияда алгач ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзгө чыгып, юбилярдын өзгөчө эмгек жолуна токтолуп, жалпы билим берүүдөгү, илим изилдөөдөгү, жаштарды тарбиялоодогу жана университеттин өнүгүү жолундагы эмгеги жогору экенин жана аялзатынан чыккан чыгаан илимпоз жетекчи катары кийинки муунга үлгү боло алганын баса белгиледи. Ошондой эле ректор Г.Омуралиеванын окуу жайга арнаган ак эмгеги, үзүрлүү иш тажрыйбасы жогорку баага татыктуу экенин билдирип, университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен чыгарылган буйрукка ылайык, Омуралиева Гулсара Кушатовнага “ОшМПУнун АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ” наамын, дипломун тапшырды. Андан соң бүгүнкү каармандын өмүр жолун чагылдырган документалдуу тасма коюлуп, конференция пленардык жыйын жана секциялык иштер менен уланды.
Аталган илимий саамалыкта “Табигый-илимий билим берүүнүн келечеги жана артыкчылыктары”, “Билим берүүнүн теориялык-методологиялык негиздери”, “Социалдык-экономикалык жана гуманитардык илимдерди изилдөө тарыхы жана келечеги”, “Педагогиканын, психологиянын жана мектепке чейинки тарбиялоонун ролу: тарых, реалдуулук, өнүгүү келечеги” деген секциялар иш алып барып, анда илимий макалалар менен катышкан изилдөөчүлөр өз баяндамаларын коргошту.
Жыйынтыгында конференциянын резалюциясы кабыл алынып, активдүү катышкандарга диплом, сертификаттар тапшырылды.
Каармандын өмүр баяны:
Омуралиева Гулсара Кушатовна 1947-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. 7-класска чейин айылдагы Ленин орто мектебинде окуп, 8-классты Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы кыздар орто мектебинен уланткан.
Гулсара Кушатовна 1971-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология жана химия адистигин ийгиликтүү аяктап, алгачкы педагогикалык эмгек жолун өзү билим алган Ленин орто мектебинен баштаган. 2 жылдан кийин Ош шаарына кайтып келип, азыркы Ош мамлекеттик университетинде лаборанттык кызматтан окутуучулук, улук окутуучулук, доценттик кызматтарга чейин эмгектенген.
1987-жылы Воронеж шаарындагы Токой техникалык институтуна аспирантурага тапшырып, кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп келген. 1999-жылы Ош Жогорку колледжинин Табигый илимдер кафедрасынын башчысы болуп эмгектенип жүрүп, кийинчерээк Менеджмент факультетинин декандык кызматына дайындалган.
Профессор эмгек жолунда 100дөн ашуун илимий-усулдук макалаларды, 2 монографияны, жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн 2 окуу китебин жана 10 окуу усулдук колдонмону жазып, басмадан чыгарган.
Гулсара Кушатовна учурда ОшМПУ Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын профессору, б.и.к., катары дагы-да жаштарга билим берип, агартуучулук кызматын арыштуу улантууда. Үй бүлөдө 4 уулдун апасы жана 11 неберенин мээримдүү чоң энеси.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro