ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ӨЗБЕКСТАНДА ӨТҮП ЖАТКАН ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШКЕ ИЙГИЛИКТҮҮ КАТЫШУУДА » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ӨЗБЕКСТАНДА ӨТҮП ЖАТКАН ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШКЕ ИЙГИЛИКТҮҮ КАТЫШУУДА
27 сентябрь 2024
40

ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ӨЗБЕКСТАНДА ӨТҮП ЖАТКАН ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШКЕ ИЙГИЛИКТҮҮ КАТЫШУУДА

ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ӨЗБЕКСТАНДА ӨТҮП ЖАТКАН ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШКЕ ИЙГИЛИКТҮҮ КАТЫШУУДА
Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында кикбоксинг боюнча “Дүйнө кубогу-2024” Эл аралык турнири өтүп жатат.
Мында дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн келген спортчулар мелдеш куруп, катарда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери да бокс, кикбоксинг боюнча спорт чебери, тренер Махаматсадык Эркинбаевдин жетекчилиги менен ийгиликтүү катышып, учурда финалдык баскычтарга көтөрүлүшүүдө.
Атап айтсак, дене тарбия факультетинин дт-24-2 тайпасынын студенти Кутман Максатбеков 60 кг салмакта эки атааңдашын утуп, финалдык баскычка өттү. Ал эми дт-23-2 тайпасынын студенти Актилек Осмонжанов 67 кг салмакта эки атааңдашын жеңип, жарым финалга чыкты.
Ошондой эле дт3-22 тайпасынын студенттери Үсөн Абдывахапов 57 кг салмакта кикбоксинг К-1 стилинде Ирак жана Өзбекстандык атааңдаштарын жеңип, жарым финалга чыкты. Дал ушул сыяктуу кикбоксингдин лоу-кик стилинде Асан Абдывахапов 57 кг салмак боюнча Алгериялык жана Өзбекстандык атааңдаштарын утуп, жарым финалдык баскычка жол алды. Аталган турнир алдыда дагы да уланмакчы.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro