Конок лекция уюштурулду
Мобилдүүлүк программасынын алкагында 2025-жылдын 8-октябрында Кокон мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосундагы эки тараптуу келишимдин негизинде, Табият таануу-география факультетиндеги “Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу”, “Табигый илимдер” кафедраларындагы билим берүү программалары үчүн конок лекция уюштурулду.
Конок лекцияны химия билим берүү программаларына химия илимдеринин доктору, профессор Хужаев Вахобжон Умарович жана химия илимдеринин доктору, профессор Очилов Голибжан Мамаюнусовичтер “Учурдагы химиянын актуалдуу проблемалары” жана “Биоорганикалык химиянын илимий негиздери” аталышындагы акыркы жаңы илимий изилдөөлөр боюнча лекцияларды окушту.
Ал эми биология, география билим берүү программалары үчүн биология илимдеринин кандидаты, доцент Мадумаров Махсатжон Жуманович “Учурдагы биология илиминдеги өнүгүүлөр, илимий-изилдөө иштердин абалы” боюнча кызыктуу фактылар тууралуу маалыматтар берилди.
Конок лекциянын аягында студенттер менен лекторлордун ортосунда кеңири форматта суроо-жооп, талкуулар өткөрүлдү.