Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » Эл аралык Ак илбирсти коргоо күнүнө арналган иш-чара өттү
29 октябрь 2025
3

Эл аралык Ак илбирсти коргоо күнүнө арналган иш-чара өттү

23-октябрда ОшМПУда “Биотүрдүүлүктү сактоо: Илбирс аркылуу жаратылышты коргоо концепциясы” деген темада иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара Эл аралык Ак илбирсти коргоо күнүнө (International Snow Leopard Day) арналды.

 

Иш-чаранын максаты – коомчулукту ак илбирс жана анын жашаган экосистемасын сактоонун маанилүүлүгү боюнча коомчулуктун, экологиялык уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин аракеттерин бириктирүү.

 

Иш-чараны факультеттин деканы Г.М.Долонова алып барды. Докладдар окулуп, катышуучулар арасында ачык талкууларга студенттер, окутуучулар жана экологиялык уюмдардын өкүлдөрү активдүү катышып, ак илбирстин жаратылыштагы орду, анын келечегин камсыз кылуу боюнча сунуштар менен бөлүшүштү.

Иш-чарага төмөнкү өкүлдөр катышты:
* NABU Кыргызстан уюмунун (NABU – Германиянын табиятты коргоо уюму) Түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Ы.Аматов.
* NABU Кыргызстан уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкери З.П.Алибаев.
* ЭкоПазл коомдук фондунүн жетекчиси Г. Токтобаева.
* Green ВУЗ экологиялык клубунүн негиздөөчүсү А.Авазбек у.

 

✅Иш-чаранын жүрүшүндө жаратылышты коргоо боюнча иш аракеттерин күчөтүү, ак илбирсти сактоо багытында биргелешкен кадамдарды күчөтүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашышты.

✅Ак илбирс – Кыргызстандын улуттук символу. Анткени 2023-жылдын соңунда КР Президенти Садыр Жапаров бул жөнүндө атайын жарлыкка кол койгон.

✅Бул жапайы жаныбар Кыргызстандын жана Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.

✅Байыркы кыргыз элинин маданиятында ак илбирс айбаттуулуктун, айкөлдүктүн, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын көрүнүшү болгон. Ошондуктан уламыштарда айтылгандай, илбирс — улуу Манастын тотемдик жаныбары болуп эсептелет.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro