31 октябрь 2022
1 202
ОшМПУда АСПИРАНТУРАГА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университети 2022-2023-окуу жылы үчүн аспирантурага кабыл алууну жарыялайт
Аспирантурага өндүрүштөн ажыратып (күндүзгү), өндүрүштөн ажыратбай (сырттан) бюджеттик жана келишимдик негизде төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алуу жүргүзүлөт:
- 00.01 – “Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы”;
- 00.02 – “Окутуу жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (билимдин тармактары жана деңгээли боюнча)”;
- 02.14 - “Биологиялык ресурстар”;
- 02.01 – “Ботаника”;
- 02.04 – “Зоология”;
- 01.01 – “Кыргыз адабияты”;
- 02.01 – “Кыргыз тили”;
- 00.03 – “Органикалык химия”
- 02.00.01 –“Органикалык эмес химия”
- 00.14 –“Социалдык түзүлүш, социалдык институттар жана процесстер”.
Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 1-ноябрдан 30-ноябрга чейин жүргүзүлөт.
Аспирантурага тапшыруу үчүн документтердин тизмеси:
- Инсандын жарандыгын тастыктоочу документ – паспорт жана анын көчүрмөсү;
- Ош МПУнун ректорунун атына, тандаган багытын көрсөтүү менен жазылган арызы;
- Жогорку кесиптик билими тууралуу адистин же магистрдин дипломунун нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- Кадрлардын эсеби боюнча өздүк баракча (личный листок), 4×6 өлчөмүндөгү фотосүрөтү менен (1 даана); 3х4 өлчөмүндөгү фотосүрөт (2 даана);
- Эмгек китепчесинин (трудовая книжка) көчүрмөсү;
- Жарыяланган илимий эмгектеринин, ойлоп табууларынын (болгон учурда) тизмеси;
- Илимий жетекчинин аспирантка жетекчилик кылууга макулдугу;
- Аспирантурага иштеген жеринен мүнөздөмө-сунуш, факультеттин жана кафедранын протоколунан көчүрмө.
- Иштеген жеринен маалым кат (справка)
Аспирантурага төмөнкү предметтер боюнча кирүү сынактарын тапшырышат:
- адис же магистр үчүн колдонулуудагы программанын көлөмүндө атайын (адистик) предметтен;
- ЖОЖ же илимий уюм тарабынан аныкталган чет тили (англис тили);
- тарых жана илимдер философиясы;
- кыргыз тили.
Кошумча маалымат алуу үчүн Ош МПУнун аспирантура жана магистратура бөлүмүнө кайрылыныздар, 111-кана
Тел.: +996 3222 -4-35-67, (факс) 43567.
Моб. тел.: 0777 53 94 79, 0771 08 99 52
E-mail: sagynbaykyzy@mail.ru
Сайт: www.ogpi.kg