23 ноябрь 2022
540
ОшМПУнун МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ
ОшМПУнун МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ
(Аккредитациядан өткөн магистр программаларынын сертификаттары:
)Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Магистратура бөлүмү магистрдик программасынын багыттарын даярдоого лицензия алуу жана жалпы ишмердүлүгүнө баалоо жүргүзүү үчүн беш багыт боюнча аккредитациядан өттү.
Акредитация 2022-жылдын 21-22-ноябрь күндөрү “Билим-стандарт” көз карандысыз акредитациялоо агенттиги тарабынан жүргүзүлүп, жети адистен турган комиссия атайын баалоонун тартибине ылайык алгач окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, тузулгөн шарттар, жатакана, ашкана менен жакындан таанышып чыгышты. Ошондой эле комиссия мүчөлөрү университеттин жетекчилиги, окутуучулары, магистранттар, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлүк тараптар менен маек курушуп, ишмердүүлүк боюнча сурамжылоо жүргүзүштү. Андан соң жалпы иш кагаздарды текшерүүдөн өткөзүшүп, жыйынтыгында комиссиянын чечими менен магистрдик программанын төмөнкү беш багыты боюнча адистерди окутуп, даярдоого 5 жылдык мөөнөткө уруксаат берилди.
• 550200 – Физика-математикалык билим берүү;
• 550400 – Социалдык-экономикалык билим берүү;
• 550700 – Педагогика;
• 550300 – Филологиялык билим берүү;
• 550100 – Табигый илимий билим берүү.
Белгилей кетсек магистратура - белгилүү кесиптик багытта адистешүүнү тереңдетүүгѳ, айрым учурларда аны ѳзгѳртүүгѳ мүмкүндүк берген, бакалаврдан кийинки жогорку кесиптик билим берүүнүн баскычы.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 29-мартындагы №335/1 буйругунун негизинде жогорку кесиптик билим берүү программалары (магистратура) боюнча №D2019-0013 кошумча лицензия берилип, магистрдик программанын багыттарын даярдоого уруксат берилген:
Даярдоонун багыты боюнча ар түрдүү профилдеги фундаменталдуу, интеграцияланган адистерди жана магистрлерди даярдоо үчүн жогорку кесиптик билим берүү программаларын окутуп үйрѳтѳт.
Магистратурада педагогикалык багыттагы адистерди кызыкдар болгон тараптар (стейкхолдер) менен биргеликте негизги кесиптик билим берүү программасынын негизинде, жогорку окуу жай тарабынан иштелип чыккан окуу программанын мазмунуна ылайык даярдалат.