ОшМПУда МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ
13 февраль 2023
290

ОшМПУда МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ

ОшМПУда МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ
10-февраль күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Магистранттардын илимий демилгелери” аталышындагы илимий-теориялык конференция болуп өттү.
Аталган конференцияны окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев ачып, магистранттардын илимий изилдөөгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында жергиликтүү аймактагы окутуу процесстерин, Түштүк Кыргызстандагы тарыхый инсандар боюнча актуалдуу темаларды изилдөөгө чакырды. Магистратурада мобилдүүлүк боюнча илимий изилдөө иштерин тажрыйба алмаштыруу менен эл аралык стратегиялык кызматташууну өнүктүрүү жагын белгилеп, конференциянын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.
Иш чара университеттин Аспирантура жана магистратура бөлүмү тарабынан уюштурулуп, алгач пленардык жыйында магистрдик программанын багыттары боюнча илимий баяндамалар жасалды. Андан соң катышуучулар ар бир багыт боюнча секциялык иштерге бөлүнүп, өз макалаларын окушту.
Жыйынтыгында конференциянын катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынып, мыкты баяндамачыларга серитификаттар тапшырылды. Бул менен бирге магистранттардын 150дөн ашуун илимий макалалары, баяндамалары, изилдөө иштеринин натыйжалары ОшМПУнун жарчысы илимий журналына басылмадан чыгарылып берилди.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro