ОшМПУнун МАГИСТРЛЕРИ ҮЧҮН УСУЛДУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун МАГИСТРЛЕРИ ҮЧҮН УСУЛДУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
22 февраль 2024
83

ОшМПУнун МАГИСТРЛЕРИ ҮЧҮН УСУЛДУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

ОшМПУнун МАГИСТРЛЕРИ ҮЧҮН УСУЛДУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
21-февраль күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин магистрлери үчүн усулдук семинар өткөрүлдү.
Иш чара "Мультимедиялык технологияларды сабакта колдонуу" аталышында болуп, магистранттар ортосунда тажрыйба алмашуу максатында окуу жайдын магистратура бөлүмү, математика жана компьютердик технологиялар факультети тарабынан ишке ашты.
Семинардын жүрүшүндө информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасынын окутуучулары мультимедиалык технологиялардын орто мектептердин окуу процессине киргизүү тарыхы жана келечеги, мультимедиалык технологияларды сабакта колдонуу туурасында илимий баяндама жасап, семинар-сабак өтүп беришти.
Ошондой эле магистранттар окутуучулар менен биргеликте билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн колдонула турган ар кандай ыкмаларды жана мультимедиялык технологияларды колдонууга өзгөчө көңүл буруу керектигин кызуу талкуулашты. Окутуучулар мультимедиялык ресурстарга негизделген сабактын иштелмесин смартфондордун жардамында демонстрация кылып, катышуучулар үчүн өзгөчө кызыгуу жаралды.
Натыйжада магистранттар билим берүүнүн акыркы тенденциялары жөнүндө гана маалымат албастан, андагы технологияларды колдонуу менен өз сабактарын түзүүгө машыгышты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro