ОшМПУнун МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ ТАРАБЫНАН ИЛИМИЙ-УСУЛДУК СЕМИНАРЛАР ӨТҮҮДӨ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ ТАРАБЫНАН ИЛИМИЙ-УСУЛДУК СЕМИНАРЛАР ӨТҮҮДӨ
28 февраль 2024
68

ОшМПУнун МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ ТАРАБЫНАН ИЛИМИЙ-УСУЛДУК СЕМИНАРЛАР ӨТҮҮДӨ

ОшМПУнун МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ ТАРАБЫНАН ИЛИМИЙ-УСУЛДУК СЕМИНАРЛАР ӨТҮҮДӨ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин магистрлери үчүн илимий – усулдук семинар уюштурулду.
Иш чара "Айтматов ааламы" аталышында болуп, ал окуу жайдын магистратура бөлүмү, кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулуп, Фбк-22 тайпасынын магистранттарынын катышуусунда ишке ашты.
Мында аталган кафедранын доценти, филология илимдеринин кандидаты Майрамкан Келдибай кызы өзүнүн Чыңгыз Айтматов тууралуу изилдөөлөрү жана Айтматов таануу илиминин азыркы абалы, акыркы изилдөөлөр боюнча жалпы маалымат берди. Андан соң магистранттар адабиятчы, сынчы, окумуштуулардын изилдөөлөрү жөнүндө кызыктуу докладдарын окушуп, кызуу талкуу жүрдү.
Семинардын жүрүшүндө ОшМУнун профессору, филология илимдеринин доктору Гулина Жамгырчиева магистранттарга жазуучунун чыгармалары, ал тууралуу жаңы изилдөө иштери жөнүндө кенен баяндама жасады. Ошондой эле лекторго катышуучулар тарабынан бир топ суроолор берилип, тиешелүү жооптор айтылды. Аталган семинар магистранттардын илимге болгон кызыгуусун арттырып, пайдалуу маалыматтарды алуусуна өбөлгө түздү.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro