МАГИСТРАНТТАРГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » МАГИСТРАНТТАРГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ
5 апрель 2024
217

МАГИСТРАНТТАРГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

МАГИСТРАНТТАРГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Сапаттуу билим – туруктуу өнүгүүнүн негизи” аттуу магистранттардын илимий-теориялык конференциясы болуп өттү.
Иш чараны университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып берип, магистранттардын илимий изилдөө иштерине ийгиликтерди каалап өттү. Алгач пленардык жыйында Жанара Шерикбек кызы “Фергана өрөөнүндөгү мектеп - медреселердин тарыхы жана азыркы абалы”, Нуриза Бөрүмаматова “Видео сабактарды түзүүдө BANDICAM программасын колдонуу”, Айназик Тилекова “Айдаркен сымап-техногендик аймагынын топурак каптоосунда оор металлдардын таралуусу“, Мадина Осорбек кызы «Зайырбек Ажыматовдун акындык чеберчилиги» аталышында илимий баяндамаларын жасашты.
Андан соң катышуучулар ар бир багыт боюнча секциялык иштерге бөлүнүп, мында магистранттар ѳзүнүн илимий темасынын негизинде илимий изилдѳѳлѳрүн жүргүзүшүп, өз макалаларын окушту. Жалпысынан аталган конференцияга 160тан ашуун илимий макалалар келип түшкөн.
Жыйынтоочу бѳлүгүндѳ конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты доклад даярдаган магистранттар атайын даярдалган дипломдор менен сыйланды. Белгилей кетсек, аталган иш чара окуу жайдын магистратура жана аспирантура бөлүмү тарабынан уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro