ОшМПУнун МАГИСТРАНТТАРЫНА АК ЖОЛ КААЛАЙБЫЗ!
ОшМПУнун МАГИСТРАНТТАРЫНА АК ЖОЛ КААЛАЙБЫЗ!
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде магистр даражасына ээ болуп жаткан магистранттардын бүтүрүү кечеси уюштурулуп, концерттик программа тартууланды.
Кечеге окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган окутуучулук жамаат, магистратура бөлүмүнүн башчысы Нурила Сагынбай кызы, ата – энелер жана магистранттар катышты.
Иш чараны ректор Бекмурза Зулуев ачып, ал магистрдик даражага ээ болуп турган жалпы магистрлерди куттуктап, бул даражаны чоң жоопкерчилик менен кабылдап, агартуу айдыңына зор салым кошооруна тилектеш экендигин билдирди.
Андан соң катышуучулар магистратура бөлүмүн аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн чыгармачылын тартуулаган концерттик программасына күбө болушту. Тактап айтканда, бүтүрүүчүлөр жандуу музыканын коштоосунда обон созуп, аспаптарда кол ойнотуп, бий бийлеп, окутуучуларга ыраазычылык сөздөрүн айтышты.
Бул менен бирге окуудагы мыкты жетишкендиги жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы менен айырмаланган магистранттар окуу жайдын Ардак грамотасы менен сыйланды. Белгилей кетсек быйыл бөлүм ачылгандан тарта экинчи ирет магистранттар бүтүп жатат, ал эми 2023-2024-окуу жылында магистратура бөлүмүн 196 магистр аяктады.