11 декабрь 2024
38
ОКУУ ЖАЙДЫН МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮНДӨ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРУЛДУ
ОКУУ ЖАЙДЫН МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮНДӨ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРУЛДУ
11-декабрь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин магистратура бөлүмүндө “Санариптик билим берүү жана анын келечеги” атуу иш берүүчүлөрдүн жана ата-энелердин жолугушуусу болуп өттү.
Мында алгач магистратура бөлүмүнүн башчысы т.и.к., доцент Нурила Сагынбай кызы катышуучуларды 550600 - Көркөм билим берүү багыты боюнча магистратуранын билим берүү стандартында (МББС) каралган максаты, окуу планы жана НББПнын структурасы менен жакындан тааныштырды. Бул менен бирге аталган адистиктеги магистранттарды даярдоодогу педагогикалык, илимий-изилдөөчүлүк, башкаруучулук, долбоорлук жана кесиптик ишмердүүлүктүн түрлөрү, социалдык мобилдүүлүгүнө жана эмгек рыногундагы туруктуулугуна өбөгө түзүүчү универсалдуу жана предметтик адистешкен компетенциялар боюнча маалыматтар берилди.
Аны улай кафедра башчысы Туратбек Муратов окуу процессинде музыкалык чыгармалардын ноталарын электрондук панель аркылуу сабакта колдонуп, окутуунун натыйжалуулугун ишке ашыруу максатында замандын талабына ылайык санариптештирүүнү колго алгандыгын белгиледи. Жолугушуунун натыйжасында мызыкалык билим берүү тармагында иштеген жетекчилер менен биргеликте бүтүрүүчү даярдала турган кесиптик ишмердүүлүктүн тийиштүү тармагындагы квалификациялык талаптар жана атайын адистер тарабынан айтылган сунуш, пикирлер эске алынды.