ОКУТУУЧУЛАРГА ЖАНА МАГИСТРАНТТАРГА АРНАЛГАН КОНОК-ЛЕКЦИЯ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУТУУЧУЛАРГА ЖАНА МАГИСТРАНТТАРГА АРНАЛГАН КОНОК-ЛЕКЦИЯ
25 февраль 2025
84

ОКУТУУЧУЛАРГА ЖАНА МАГИСТРАНТТАРГА АРНАЛГАН КОНОК-ЛЕКЦИЯ

ОКУТУУЧУЛАРГА ЖАНА МАГИСТРАНТТАРГА АРНАЛГАН КОНОК-ЛЕКЦИЯ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучуларга жана магистрлерге арналган конок-лекция өткөрүлдү.
Конок-лекцияны Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институтунун директору, экономика илиминдеринин кандидаты, доцент Айнура Хамзаева өттү. Мында лектор “Илимий маалымат базалары жана алар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү (Scopus, РИНЦ жана H-индекс)” аталышында лекция окуду.
Ага ылайык катышуучуларга илимий-маалымат базалары менен иштөөнүн маанилүүлүгү, негизги илимий –матрицалык көрсөткүчтөр, илимий – маалымат базалары (Scopus, РИНЦ жана H-индекс) боюнча кеңири маалыматтар берилди. Бул менен бирге лектор журналдарга макаланы даярдоо, жарыялоо жолдору, импакт-фактор, хирш индекси, квартиль (Q), байланбаган публикациялар жана шилтемелер боюнча айтып, саамалык кызуу талкуу жана суроо-жооптор менен коштолду.
Белгилей кетсек аталган иш чара окуу жайдын 100 жылдыгына карата математика жана компьютердик технологиялар факультети тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro