21 май 2025
2
ОКУУ ЖАЙДА ЖАШ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨЧҮЛӨРДҮН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ
ОКУУ ЖАЙДА ЖАШ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨЧҮЛӨРДҮН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин аспирантура жана магистратура бөлүмү тарабынан “Илим жана технологиялар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизи” аттуу илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.
Иш чарага университетте билим алып жаткан аспиранттар жана магистранттар катышып, иш чараны илимий иштер боюнча проректор б.и.к., доцент Абсатаров Равшан Ракманалиевич ачып берди.
Конференциянын негизги максаты жогорку билим берүү, педагогика, тарбиялык ишмердүүлүк багыттарында изилдеген аспиранттардын, магистранттардын ортосунда тажрыйба жана маалымат алмашып, платформа түзүүгө багытталды.
Пленардык жана секциялык отурумдарда билим берүүнүн ар түрдүү аспектилери талкууланып, заманбап изилдөөлөр каралды. Пленардык жыйындан соң 4 секция иш алып барып, 70тен ашуун илимий макала талкууланды.
Жыйынтыктоочу бѳлүгүндѳ конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты доклад даярдаган аспиранттарга жана магистранттарга дипломдор тапшырылды.
Бүгүнкү күндѳ аспиранттардын жана магистранттардын илимий изилдѳѳ иштерине чын ыкласы менен берилүүсү, жаштардын илимге келиши, илимий изилдѳѳ базасынын бекемделишине алып келет жана ѳлкѳнүн илимий технологиялык потенциалы ѳсүп, улуттук инновациялык система калыптанат. Жалпы жаш илим изилдөөчүлөргө ийгилик каалайбыз!


