11 июнь 2025
26
ОшМПУда МАГИСТРАНТТАРДЫН БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
ОшМПУда МАГИСТРАНТТАРДЫН БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде магистранттардын бүтүрүү кечеси уюштурулуп, концерттик программа тартууланды.
Кечеге окуу жайдын профессордук - окутуучулук жамааты, ата – энелер жана магистранттар катышты. Иш-чараны университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, ал магистрдик даражага ээ болуп турган жалпы магистрлерди куттуктап, бул даражаны чоң жоопкерчилик менен кабылдап, агартуу айдыңына зор салым кошооруна тилектеш экендигин билдирди. Бул менен бирге окууда, коомдук жана маданий иш-чараларда ийгилик жараткан алдыңкы бүтүрүүчүлѳргѳ университеттин Ардак грамотасын тапшырды.
Андан соң катышуучулар магистратура бөлүмүн аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн чыгармачылын тартуулаган концерттик программасына күбө болушту. Тактап айтканда, бүтүрүүчүлөр жандуу музыканын коштоосунда обон созуп, аспаптарда кол ойнотуп, бий бийлеп, окутуучуларга ыраазычылык сөздөрүн айтышты.
“Бул салтанат ар бир бүтүрүүчү үчүн ѳзгѳчѳ кѳз ирмемдер, унутулгус мүнѳттѳр болуп эсептелет, анткени билим уясы менен коштошуп, 2-баскычтуу кесипке ээ болуунун алдында турушат. Биздин университетте педагогикалык багыттагы магистранттарды даярдайбыз, магистратурада 450 дөн ашуун магистр билим алат, алардын ичинен 65ке жакыны 2024-2025-окуу жылында окуусун ийгиликтүү аяктоонун алдында турат. Бардык бүтүрүүчүлөргө ак жол каалайм!”- деп билдирди окуу жайдын магистратура бөлүмүнүн башчысы Нурила Сагынбай кызы.


