ОшМПУнун окутуучулары Казанда өз билимдерин жогорулатышууда » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун окутуучулары Казанда өз билимдерин жогорулатышууда
25 январь 2023
277

ОшМПУнун окутуучулары Казанда өз билимдерин жогорулатышууда

ОшМПУнун окутуучулары Казанда өз билимдерин жогорулатышууда
10-январь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Дене-тарбия жана Музыка адистиги боюнча 24 окутуучу Казань федералдык университетинин Елабуга институтуна тажрыйба алмашууга жана квалификация жогорулатууга барышты.
ОшМПУдан барган окутуучуларды алгач институттун ректорунун тарбия иштери боюнча орун басары Ирина Михайлова баштаган өкүлдөр жылуу тосуп алып, эки ЖОЖдун кызматташуусу артып, мыкты аракеттер жүзөгө ашып жатканын кубануу менен белгиледи. Андан соң конокторду институт менен жана тренинг бою коштой турган кесиптештери менен тааныштырды.
Бүгүн окутуучулар педагогика кафедрасынын доценти Ольга Шатунованын алгачкы сабактарына катышып, академик К.А. Валиев атындагы илимий кызматташтык үйүнүн инфраструктурасы менен таанышып чыгышты.
Белгилей кетсек квалификация жогорулатуу курсу 11-январдан 27-январга чейин уланат. Жыйынтыгында 27-январда курстардын жабылышы жана окутуучуларга квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттарды тапшыруу аземи болот.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro