ОшМПУ менен БГПУ ЖАҢЫ КЫЗМАТТАШУУГА КОЛ КОЙДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУ менен БГПУ ЖАҢЫ КЫЗМАТТАШУУГА КОЛ КОЙДУ
22 декабрь 2022
307

ОшМПУ менен БГПУ ЖАҢЫ КЫЗМАТТАШУУГА КОЛ КОЙДУ

ОшМПУ менен БГПУ ЖАҢЫ КЫЗМАТТАШУУГА КОЛ КОЙДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетине Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов келди.
Ал окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук курам менен жыйындар залында жолугушуп, таанышып, баарлашты. Жолугушууда алгач ректор жыйындын мүчөлөрү менен тааныштырып, окуу жай тууралуу кыскача маалымдама билдирди.
Андан соң Салават Сагитовго сөз берилип, ал Кыргызстандын ЖОЖдору менен алака түзүп, кызматташуу максаты күч экенин белгиледи. Бул менен бирге БГПУ жана андагы кыргыз-англис борбору тууралуу маалыматтарды айтып, студенттерди, магистрлерди билим алууга чакырып, билим берүү айдыңында байланыш жүргүзүүнү сунуштады.
Кыргыз жана башкыр тилдери котормосуз түшүнүктүү болгондуктан баарлашуу жогорку маанайда коштолуп, окуу жайлар алдыда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, натыйжалуу иштерди аткарууга белсенип, жыйынтыгында ректорлор эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.
Аны улай жетекчилер студенттер менен да жолугушуп, БГПУ жана андагы шарттар, студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр боюнча маалыматтарды айтышып, катышуучулардын кызыкдар болгон суроолоруна жооп беришти.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro