Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ИШ САПАРЫ МЕНЕН АКМУЛЛА УНИВЕРСИТЕТИНЕ БАРДЫ
28 февраль 2024
126

ОшМПУнун ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ИШ САПАРЫ МЕНЕН АКМУЛЛА УНИВЕРСИТЕТИНЕ БАРДЫ

ОшМПУнун ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ИШ САПАРЫ МЕНЕН АКМУЛЛА УНИВЕРСИТЕТИНЕ БАРДЫ

 

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин делегациясы Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетине иш сапары менен барышты.

 

Бул сапарда ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев, Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жыпаргүл Шербаева жана окуу жайдын тарбия иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча ректордун жардамчысы Мунарбек Назымовдор болууда.

 

ОшМПУнун өкүлдөрүн БГПУнун ректору Салават Сагитов тосуп алып, алгач Мифтахетдин Акмулланын эстелигине гүл коюшту. Андан соң университетке болгон экскурсия тектеш элдердин эки эпосуна арналган «Манас-Урал» аудиториясынан башталды.

Аны улай учурда БГПУда билим алып жаткан кыргыз студенттери менен жолугушуу өтүп, мында Бекмурза Зулуев аларды жакшы окуп, Кыргызстанга иш билги, мыкты адис болуп кайтуусу абзел экенинин айтып, кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаевдин кезинде УФАда билим алып, казак-кыргыз балдары үчүн алгачкы “ Алиппе” китебин басмадан чыгарганын тастыктады. Ошондой эле студенттер менен ОшМПУда практикалык окууларды уюштуруу боюнча суроолорду талкуулашты.

 

БГПУнун ректору Салават Сагитов учурда бул окуу жайда 180 кыргыз студенттер билим алып жатканын жана алар абдан тырышчаак, билимдүү, таланттуу балдар экенин айтты. Алдыда окууну аяктап, диплом алган соң Кыргызстанга Россиянын элчиси катары барып, жаңы курулуп жаткан 9 орус-кыргыз мектептеринде балдарды окутаарын белгиледи.

Жолугушуудан соң Акмулла университетинин базасында ОшМПУнун окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, мобилдүүлүк программасын жөнгө салуу багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.  

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro