ОшМПУ менен ЯрГПУ КОШ ДИПЛОМ ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРАТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУ менен ЯрГПУ КОШ ДИПЛОМ ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРАТ
12 апрель 2024
45

ОшМПУ менен ЯрГПУ КОШ ДИПЛОМ ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРАТ

ОшМПУ менен ЯрГПУ КОШ ДИПЛОМ ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРАТ
9-12-апрель күндөрү К.Д.Ушинский атындагы Ярослав мамлекеттик педагогикалык университетинин делегациясы Ош мамлекеттик педагогикалык университетине келип, 3 күндүк иш сапарда болушту.
Аталган иш сапарда ЯрГПУнун биринчи проректору Ходырев Александр Михайлович баштаган өкүлдөр алгач университеттин ректору Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болуп, билим берүү жана илим тармагында кызматташууну ишке ашыруу максатында эки тараптуу келишим түзүп, кол коюшту.
Аны улай ЯрГПУнун физика-математика факультети менен ОшМПУнун математика жана компьютердик-технологиялар факультетинин ортосунда физика-математикалык билим берүү багытында адистерди бирге даярдоо, маалыматтык технология борборун түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик стандарттарына ылайык окуу процесстерин уюштуруу маселелери каралды. Жыйынтыгында жаңы окуу жылынан кош диплом программасын ишке ашыруу бүтүмүн чыгарышты. Жолугушуунун жүрүшү “Жогорку окуу жайларда илимий-изилдөө иштерин башкаруу” багытында семинар менен уланды.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө ЯрГПУ- өнүккөн инфраструктурасы менен технология, бизнес жана маданий тармактары да жолго коюлуп, үзгүлтүксүз педагогикалык билим берүүнүн заманбап илимий-методикалык борборуна айланган окуу жай.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro