ЧЕХ ПРОФЕССОРУ ПЁТР ВАЛАШЕК ОшМПУда КОНОКТО » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ЧЕХ ПРОФЕССОРУ ПЁТР ВАЛАШЕК ОшМПУда КОНОКТО
15 апрель 2024
51

ЧЕХ ПРОФЕССОРУ ПЁТР ВАЛАШЕК ОшМПУда КОНОКТО

ЧЕХ ПРОФЕССОРУ ПЁТР ВАЛАШЕК ОшМПУда КОНОКТО
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Чехиянын Прагадагы агротехникалык университетинин проректору, профессор Пётр Валашек конокто болду.
Алгач конок университеттин ректору Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болуп, чакан маек курушту. Мында Чехиянын Прагадагы агротехникалык университетинин проректору, профессор Пётр Валашек окуу жайга келген максатын айтып, билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтык тууралуу кеп курушту. Аны улай конок университеттин жаңы имаратынын материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып, окуу жайга саякат курду.
Андан соң “Билим берүүнү интернациялаштыруу” аталышында университеттер ортосунда алаканы арттыруу, билим берүүдө бир топ натыйжалуу иштерди биргеликте жүзөгө ашыруу максатында семинар-тренинг уюштурулду. Мында профессор Пётр Валашек студенттерге Чехиянын Прагадагы агротехникалык университети тууралуу маалымат берип, тааныштырып өттү.
Иш чаранын жүрүшүндө мобилдүүлүк программасы талкууланып, анын натыйжасында эки тараптын студенттери үчүн “Жайкы лагерь” долбоору пландаштырылды. Ошондой эле окутуучулар үчүн билим берүүдөгү кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу максатында онлайн сабактарды өткөрүү иштери сүйлөшүлдү. Семинар жыйынтыкталган соң коноктор “Сулайман-Тоо” аймак таануу музейине саякаттоого сапар алышты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro