16 апрель 2024
114
РОССИЯНЫН ПРОФЕССОРЛОРУ ОшМПУда КОНОК-ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ
РОССИЯНЫН ПРОФЕССОРЛОРУ ОшМПУда КОНОК-ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Россиянын Элдердин достугу университетинен келген өкүлдөр конок лекция өтүштү.
Коноктор алгач университеттин ректору Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болуп, мында эки тараптуу кызматташтык, тажрыйба алмашуу, жетишкендиктер тууралуу эркин маек курушту.
Андан соң чоң жыйындар залында ОшМПУ жана РУДН ортосундагы ЖОЖдор аралык кызматташтыкты чыңдоо жана илимий өз ара байланышты түзүү максатында конок лекция уюштурулду. Ага окутуучулар, магистранттар жана студенттер күбө болушту.
Иш чарада саясий илимдеринин доктору, Россия илимдер академиясынын коомдук илимдер боюнча илимий маалымат институтунун постсоветтик жана жакынкы чыгыш бөлүмүнүн башчысы, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору Владимир Аватков жана Россиянын Элдердин достугу университетинин (РУДН) стратегиялык изилдөөлөр жана божомолдор институтунун башчысы Дмитрий Егорченков лекция окуду.