Университет бүгүн...
ОшМПУга 100 жыл
Ош МПУнун ректору,
п.и.д., проф Бекмурза Зулуев
Педагогдорду даярдоонун түптүү устаканысына айланган Ош мамлекеттик педагогикалык университети кирип келе жаткан жылы 100 жылдык тарыхты баштан кечирип, кылымдык окуу жай аталып турат.
Кыргыз билим берүүсү менен жашташ болгон куттуу билим уябыз 1925-жылы Ош педагогикалык техникуму болуп ачылып, түштүктөгү эң алгачкы педагогикалык окуу жай катары негизделген. Тактап айтсак, 1924-жылы Кара кыргыз автономиялуу областы түзүлгөндөн кийин Бишкек, Ош , Жалал-Абад облустарында атайын алты айлык, бир жылдык мугалимдерди даярдоо курстары ачылып, анын базасында Ош-Жалал-Абад педагогикалык техникуму түзүлгөн. Кийинки жылы Ош педагогикалык техникуму үч жылдык болуп ачылып, республикадагы эң алгачкы окуу жай катары кызмат көрсөтө баштаган. Бул убакта Кыргызстандын кесиптик окуу жайлары өнүгүү жолуна түшүп, миңдеген адистерди даярдоо муктаждыктарын жоюуга дал ушул Ош педагогикалык окуу жайы түздөн-түз салым кошкон. Ошондон тартып, университет Эл агартуу айдыңында түрдүү баскычтарды басып өтүп, улам жаңыланып, тажрыйбасын, мүмкүнчүлүгүн кеңейтип бай тарыхты башынан кечирип келе жатат.
Соңку жылдары университет өлкөбүздөгү жалпы жогорку билим берүү мекемелеринин арасында зор атаандаштыкка жетишип, коомчулуктун жогору баасына татып отурат. Окуу жай өз миссиясында белгилегендей, коом үчүн компетенттүү кадрларды даярдоодо натыйжалуу иш-аракеттерди жасоо менен билим берүү сапарында тездик менен өнүгүү жолунда бара жатат.
Учурда окуу жайда 6 факультет, 1 колледж, 1 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 1 аспирантура жана магистратура бөлүмү ишмердүүлүк жүргүзөт. Жалпы 400гө жакын профессордук-окутуучулук курам эмгектенсе, 13 446 студент билим алууда. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмунда 100дөн ашуун жаш жеткинчектер тарбияланып жатат.
Биздин миссия - билим берүүдө сапат кепилдигин камсыздоо менен коомдун өнүгүүсүнө салым кошо алган, интеллектуалдык потенциалы жогору, атаандашууга жөндөмдүү, дүйнөлүк деңгээлге интеграцияланган, педагогикалык, социалдык-экономикалык багыттагы жогорку жана орто кесиптик компетенттүү адистерди даярдоо. Андыктан университетте жыл бою билим берүүнүн сапатын, окутуучулардын илимий потенциалын жана окутуу чеберчилигин жогорулатуу багытында тынымсыз иш аракеттер жүрүп келет. Ага ылайык илимдин докторлору Абакир Мамытов, Акматали Алимбеков, Сулайман Рысбаев, Салидин Калдыбаев, Абдыкерим Муратов сыяктуу республикага белгилүү тренерлер жана өзүбүздүн тажрыйбалуу кесиптештерибиз тарабынан семинар-тренингдер жана конок-лекциялар тынымсыз өткөрүлүп келет.
Университетте окуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнүн негизги каражаты болгон материалдык-техникалык базаны чыңдоо иштери тынымсыз аракет менен жаңыланууда. Окуу жайда даярдалуучу адистиктер, күтүлүүчү натыйжалар тиешелүү каражаттар менен камсыздалып, ар бир адистиктин мүмкүнчүлүктөрүн коомдогу кызматын өстүрүү үчүн үзгүлтүксүз иштеп жатабыз. Ага ылайык университеттин өз эсебинен 5 кабаттуу заманбап үлгүдөгү жаңы окуу корпусу салынып, студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Ошондой эле бул жылы биздин окуу жайдын базасында түзүлгөн 400 орундуу “Бөбөктай” мектепке чейинки билим берүү мекемеси түзүлүп, ишке киргизилди. Алдыда бала бакчада КРнын Япониядагы ардактуу консулу Бунно Такашинин колдоосу менен “Логопед-дефектология” лабораториясы ачыла турганы пландалууда.
Билим берүүдөгү автоматташтырылган бардык иш аракеттер бүгүнкү күндө өз натыйжасын көрсөтүп, окуу жай дагы-да заманбап техникалык каражаттарды колдонуу менен сапаттуу билим мейкинин куруу багытында баратат. Ар бир адистикке тиешелүү бардык жаңы жана заманбап каражаттар улам жаңыланып, окуу кааналарда сабак өтүүгө керектүү болгон акыркы үлгүдөгү интерактивдүү доскалар жайгаштырылган. Бул менен бирге санариптештирүү багыты да жолго коюлуп, бардык документ жүгүрдүү иштери электрондук форматка өттү. Тактап айтканда абитуриент окуу жайга тапшыргандан тартып, колуна диплом алганга чейинки процесс электрондук таризде жүргүзүлөт.
Университет ички жана тышкы эл аралык байланышты чыңдоону колго алып, билим берүү майданында негизги атаандаштыкты жүргүзө алды. Ага ылайык 50дөн ашуун алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен алака түзүп, улам жаңы кызматташууларды ишке ашырууда. Тышкы жана ички алакаларды окуу жайдын эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти тескеп, университеттин дипломатиялык саясатын алгылыктуу жүргүзүп келет. Анын алкагында чет өлкөлүк жана ата мекендик ЖОЖдор, эл аралык уюмдар, фонддор, ири программалар жана өкүлчүлүктөр менен улам кызматташтык горизонту кеңейди. Өнөктөш жогорку окуу жайлар менен академиялык мобилдүүлүк программасы, илимий иш сапарлар, жайкы университет долбоорлору, стажировкалар жана түрдүү иш чаралар биргеликте жүзөгө ашып келүүдө.
Студенттердин билимин жогорулатуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында ишке ашкан мобилдүүлүк программасынын алкагында учурда окуу жайдын студенттери өлкө ичиндеги бардык ЖОЖго жана тышкы Өзбекстан, Казакстан, Россия, Япония, Чехия, Германия, Венгрия сыяктуу бир канча өлкөлөрдүн окуу жайларына байма-бай барып окуп, практика өтөп, эл аралык долбоорлор менен бирге иш алып барышууда. Ошондой эле ОшМПУнун студенттери үчүн Япония, Россия өлкөлөрүндө практика өтөө, “Жайкы университет” долбоорлоруна катышуу салтка айланган.
Спорттук аренада, билим жаатындагы олимпиадаларда, шаардык, облустук, республикалык денгээлдеги ар кандай маданий-массалык иш-чарларда окуу жайыбыздын аброюу артып, көптөгөн жетишкендиктерди багындырды. ОшМПУнун маданий тарбиялык жашоосун ар тараптуу жана кызыктуу уюштуруу жолго коюлуп, тарбия берүүгө, студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө, таланттуу жаштарды колдоого арналган иш чаралар байма-бай өткөрүлүп келет.
Студенттерди жана окутуучуларды илим изилдөөгө тартуу жана багыт берүү максатында илимий көргөзмөлөр, конференциялар, тегерек-столдор жана консультациялык жолугушуулар уюштурулду. Ага ылайык окуу жайдын наамын алып жүргөн Анашбек Мырсабековдун 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Сыдык Алайчиевдин 130 жылдыгына карата, профессор Миталип Тайировдун 70 жылдыгына карата Эл аралык илимий-практикалык конференциялар өткөрүлдү. Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан бул жылы Ош, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы, райондордогу билим берүү мекемелери менен тыгыз иш алып баруулар жүргүзүлдү.
Ошондой эле бул жылы окуу жайдын эң негизги бир бөлүгү боло алган колледж бөлүмү көз карандысыз аккредитациялоодон өтүп, 5 жылдык мөөнөткө билим берүү программаларын ишке ашырууга уруксат алуу менен сертификатка ээ болду. Ар бир аткарылып жаткан иш аракеттер билимдүү, креативдүү, прогрессивдүү жаштарды тарбиялоого арналат. Биз мындан ары да билим берүүнүн дүйнөлүк мейкинине кулач жайып, жамаат менен биргеликте орчундуу максаттарды ишке ашырууга кадам таштай бермекчибиз.