Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
29 январь 2025
24

ОшМПУ жөнүндө

 

ОшМПУ жөнүндө

Университеттин тарыхы

Ош мамлекеттик педагогикалык университети Кыргызстандын орто мектептерине жогорку квалификациялуу педагогдорду даярдап келет. Университетти педагогика илимдеринин доктору, профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович жетектейт. Окуу жай 1925-жылы түзүлүп, алгач Ош педагогикалык техникуму катары биринчилерден болуп өлкөбүздүн түштүгүндө өз ишин  баштаган. Анын башаты республика үчүн сабатсыздыкты жоюу маселесин чечүү максатында түзүлгөн адистештирилген окуу жайлардан башталат.

Бул учур өлкөнүн кесиптик окуу жайларынын, жалпы агартуу тармагынын өнүгүү жолуна түшкөн өзгөчө бурулуш мезгил катары тарыхта белгилүү.  Мамлекеттүүлүк жаңыдан калыптана баштаганда өлкөнүн миңдеген адистерди даярдоо муктаждыктарын жоюусуна дал ушул Ош педагогикалык окуу жайы түздөн-түз салым кошкон.  

Эл агартуу айдыңында окуу жай төмөнкүдөй баскычтарды басып өтүп, улам жаңыланып, тажрыйбасын, мүмкүнчүлүгүн кеңейтип бай тарыхты башынан кечирип келе жатат.

  • 1925- ж. Ош педагогикалык техникуму
  • 1928 ж. Ош – Жалал-Абад техникуму
  • 1937-ж. Ош кыздар педагогикалык окуу жайы
  • 1939-ж. Ош педагогикалык окуу жайы
  • 1952-ж. Ош аялдар педагогикалык училищасы (К.Р.БМ.А.Ф.№1725 ОП 2 ∕2.)
  • 1966-ж. Ош педагогикалык училищасы (КР Министрлер советинин №324 токтому)
  • 1994-ж. Ош педагогикалык колледжи
  • 1996-ж. Ош жогорку колледжи (КР өкмөтүнүн №470 токтому)
  • 2002-ж. Ош гуманитардык-педагогикалык  институту  (Кыргыз өкмөтүнүн №316 токтому)
  • 2021-ж. Ош мамлекеттик педагогикалык университети (КР Билим берүү жана илим министрлигинин №368\1 буйругу)

 

Соңку жылдары жүргүзүлгөн системалык реформалардын натыйжасында ОшМПУ заманбап көп профилдүү, илимий-билим берүүчү, маданий-агартуучу, Эл аралык кызматташууда жетишерлик бай тажрыйбасы бар окуу жайга айланды.Университетте атаандаштык шарттарында ийгиликтүү  ишмердүүлүктүн экономикалык модели иштелип чыгып, сапаттуу ишке ашырылып жатат. Окуу жай 100 жылдык тажрыйбаны арттыруу менен өлкөнүн жогорку окуу жайларынын арасында чоң абройго ээ болуп,   коомчулукка педагогикалык багытта кесипкөй адистерди даярдоонун түптүү устаканасы катары белгилүү боло алды.

 

Миссиясы

Университет – билим берүүдө сапат кепилдигин камсыздоо менен коомдун өнүгүүсүнө салым кошо алган, интеллектуалдык потенциалы жогору, атаандашууга жөндөмдүү, дүйнөлүк деңгээлге интеграцияланган, педагогикалык, социалдык - экономикалык багыттагы жогорку жана орто кесиптик компетенттүү адистерди даярдоо миссиясын аткарууда.

        

 

ОшМПУ сандар менен

Учурда окуу жайда 6 факультет, 1 колледж, 1 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 1 аспирантура жана магистратура бөлүмү ишмердүүлүк жүргүзөт. Жалпы 400дөн ашуун профессордук-окутуучулук курам эмгектенсе, 13 446 студент билим алууда. Ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмунда 100дөн ашуун жаш жеткинчектер тарбияланып жатат. Окуу жайда 12 000ге жакын студент,  462 магистрант, 63 аспирант билим алат. Жалпы 425 профессордук-окутуучулук курам болсо, анын ичинен 12 илимдин доктору, 40 илимдин кандидат, доценттери, 96 магистр, 60 ага окутуучу, 217 окутуучу, спорт чеберлери жана  билим берүүнүн мыктылары эмгектенет. 

    

Эл аралык байланыш

Университет эл аралык аренада 50дөн ашуун алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен алака түзүп, кызматташууларды ишке ашырып келет.  Чет өлкөлүк жана ата мекендик ЖОЖдор, эл аралык уюмдар, фонддор, ири программалар жана өкүлчүлүктөр менен кызматташтык горизонту кеңейип, өнөктөш жогорку окуу жайлар менен академиялык мобилдүүлүк программасы, илимий иш сапарлар, жайкы университет долбоорлору, стажировкалар  жана түрдүү иш чаралар биргеликте жүзөгө ашырылат. Мобилдүүлүк программасынын алкагында учурда окуу жайдын студенттери өлкө ичиндеги бардык ЖОЖго жана тышкы Өзбекстан, Казакстан, Россия, Япония, Чехия, Германия, Венгрия сыяктуу бир канча өлкөлөрдүн окуу жайларына байма-бай барып окуп, практика өтөп, эл аралык долбоорлор менен бирге иш алып барышууда. ОшМПУнун студенттери үчүн Япония, Россия өлкөлөрүндө практика өтөө, “Жайкы университет” долбоорлоруна катышуу салтка айланган. Профессордук-окутуучулук курамдын билимин өркүндөтүү, квалификациясын жогорулатуу максатында окутуучулар өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө уюштурулган окуу курстарга, конференция, форумдарга байма-бай катышып келишет. Алсак,  Чехия, Англия, Россия, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн профессорлору ОшМПУга келип семинар, мастер-класстарды уюштуруп, лекцияларды окушат.    

 

Студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр

 

Университет студенттердин бардык талаптарга шайкеш келген адис болуп калыптануусун камсыздоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү жаратып келет. Алсак, жаш илим изилдөөчүлөрдүн тобу, спорттун волейбол, тогуз коргоол, теннис, бокс, күрөш түрлөрү боюнча спорттук клубдар, таланттуу студенттердин “Кербен” ансамбли, “Нона” эстрадалык тобу, чыгармачыл жаштардын Жаратман чыгармачылык борбору, Жаштар комитети жана студенттердин эркин медиа борборуна айланган “Мурас” телестудиясы жигердүү кызмат көрсөтүп келет. Ишкердикке кызыккан жаш стартаперлердин тобун түзгөн “Бизнес идеяларды ишке ашыруу” борборунда студенттер белгилүү ишкерлерден билим алышып, долбоорлорун жазып, 2000$-6000$га чейинки суммадагы гранттарды утуп алышып, өздөрүнүн жеке бизнестерин жүзөгө ашырышууда. Жыл ичинде эң мыкты окуп, коомдук иштерде активдүүлүк жараткан студенттер Президенттик стипендияга ээ болушат. Ошондой эле  жеке ишкерлер тарабынан да тандалган студенттерге 5000-10000ге чейинки стипендиялар берилет жана окуу жай тарабынан студенттик долбоорлорго 50 000-100 000ге чейинки акчалай гранттар ыйгарылса, республикалык эл аралык олимпиада, сынактардын жеңүүчүлөрүнө да белгилүү өлчөмдө сый-акылар берилип келет.       

 

Материалдык-техникалык базасы

 

Университеттин ички инфраструктурасы жана материалдык-техникалык базасы толугу менен заман талабына жооп берет. Окуу жайда жалпысынан 4 окуу корпусу, 650 орундуу студенттик жатакана жана 400 орундуу  бала бакча бар. Катарда ишке ашкан эң масштабдуу 5 кабаттуу заманбап үлгүдөгү окуу корпусу университеттин  өз эсебинен каржыланып, учурда колдонууга берилген. Ошондой эле окуу жайдын  базасында түзүлгөн “Бөбөктай” мектепке чейинки билим берүү мекемеси түзүлүп, ишке киргизилди. Жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылган компьютердик залдар, электрондук китепкана, виртуалдык лабораториялар, заманбап мультимедиалык кааналар, панелдер менен жабдылган лекциялык залдар, окуу залдары, лингофондук кааналар, редакциялык басмакана, китепкана, спорттук аянтчалар жана теннистик корттор, илимий жана ишкердик борборлору кызмат көрсөтүүдө.   

 

Санарип университет

Санарип университет программасынын негизинде  ОшМПУда  бардык документ иштери электрондук форматка өткөрүлдү. Студенттер окутуучудан көз карандысыз түрдө АВН порталы аркылуу экзамен, модулдарын компьютердин жардамында тапшырып, автоматтык түрдө жыйынтыгы чыгып турат. Ата-энелер өз балдарынын модулдан, экзаменден алган бааларын студенттин жеке кабинети аркылуу үйдө туруп көрүп, маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Окутуучуну баалоо ички рейтинг түзүмү ишке ашып, анын натыйжасында   профессордук-окутуучулук курамдын ишмердүүлүгүнүн сапатын көтөрүү,  илимий изилдөө иштерине тартуу жана стимулдаштыруу менен айлык акысына кошумча  сый акыны аныктоо системасы жүзөгө ашты. AiDoc системасы менен университеттин ичинде документ айлантуу структуралар арасында толук электрондук форматта жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары электрондук журнал, электрондук окуу планы жана силлабус, электрондук архив, электрондук отчеттук карта, электрондук китепкана сыяктуу онлайн программалар ишке ашкан.  “Бирдиктүү терезе” системасы аркылуу университеттин ичинде документ жүргүзүү толук электрондоштурулду. Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасы иштөө менен иш кагаздар  автоматташтырылып, документтер электрондук форматка өткөрүлгөн. Бул система каттарды жана башка кагаз иштерин жөнөтүү жана жеткирүү убактысын кыскартууга, ошондой эле аткаруучулук тартипти жакшыртууга жардам берип, университетте документтер менен иштөөнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.

 

Аккредитация

Университет көз карандысыз аккредитация процедурасына даярдануу жана рейтингдерге катышуу максатында билим берүүнү баалоочу бир канча эл аралык  агенттиктердин рейтингине катышты.

► 2019-жылы Казакстандын НААР көз карандысыз агенттиги өткөргөн жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларын жана багыттары  боюнча рейтингинде Педагогикалык билим берүү багыты боюнча II орунду камсыздады.

► 2020-жылы Казакстандын НААР көз карандысыз агенттиги өткөргөн жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларын жана багыттары  боюнча рейтингинде Педагогикалык билим берүү багыты боюнча V орунду камсыздады.

► 2021-жылы Казакстандын НААР көз карандысыз агенттиги өткөргөн жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларын жана багыттары  боюнча рейтингинде Педагогикалык билим берүү багыты боюнча II орунду камсыздады.

2020-2021-окуу жылында жогорку кесиптик билим берүү программалары аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, беш жылдык сертификатка ээ болду. Ал эми 2024-жылы атайын орто кесиптик билим берүү программалары аккредитациядан ийгиликүү өтүп беш жылдык сертификатка ээ болгон. Ошондой эле университет 2021-жылы институционалдык аккредитациядан да ийгиликтүү өттү.

“Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги” (НААР) тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги – 2022” программасынын жыйынтыгы боюнча Ош мамлекеттик педагогикалык университети педагогикалык билим берүү багыты боюнча институционалдык рейтингде III орунду ээледи. Ал эми бакалавр боюнча социалдык-экономикалык билим берүү, дене-маданияты жана көркөм билим берүү багыттары боюнча II орунду ээлесе педагогика, филология, табигый илимий билим берүү, физика-математика багыттары боюнча III орунду камсыздаган.       

 

Аспирантура жана магистратура бөлүмү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  2021-жылдын  29-марттагы  №335/1   буйругунун  жана Лицензиялоо боюнча кеңешинин чечиминин негизинде  №7-1 протоколуна ылайык педагогикалык беш багыт боюнча (№D2019-0013) магистратурага кабыл алуу жүргүзүлөт (окуу мөөнөтү — 2 жыл). Бүгүнкү күндө магистратурада жалпысынан 462 магистрант, анын ичинен күндүзгү окуу формасы боюнча 235, сырттан окуу формасы боюнча 227 магистрант билим алууда.

550700 - Педагогика (профили: башталгыч билим берүүнүн усулу, мектепке чейинки билим берүүнүн усулу)   магистр

550100 - Табигый илимий билим берүү (профили: биология, химия, география)  магистр

550300 - Филологиялык билим берүү (профили: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили)  магистр

550400 - Социалдык-экономикалык билим берүү (профили: тарых)  магистр

550200 - Физика-математикалык билим берүү  (профили: математика, информатика)  магистр

550600 - Көркөм билим берүү (профили: музыка)

540200 - Социалдык иш  (профили: социалдык иш)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №327 токтому менен бекитилген  “Кыргыз   Республикасында  илимий педагогикалык жана илимий кадрларды  даярдоо  жөнүндө”  Жобосуна  жана   Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  2021-жылдын 11-октябрь, №1678/1 буйругуна   ылайык   Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде төмөнкү багыттар боюнча  аспирантурага   бюджеттик жана келишимдик негизде кабыл алуу жүргүзүлүп келет. 2024-2025-жж карата аспирантура бөлүмүндө жалпы 63 аспирант окуйт. Анын ичинен күндүзгү окуу формасында 17, сырттан окуу формасы боюнча 36 аспирант билим алып, илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келет.

13.00.01 – Жалпы  педагогика, педагогиканын  жана билим берүүнүн тарыхы;

13.00.02 – Окутуу жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы         (билимдин  тармактары  жана деңгээли  боюнча;

13.00.01 – “Жалпы  педагогика, педагогиканын  жана билим берүүнүн тарыхы”

13.00.02 – “Окутуу жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (билимдин  тармактары  жана деңгээли  боюнча

03.02.14  - Биологиялык ресурстар

03.02.01 – Ботаника

03.02.04 – Зоология

10.01.01 – Кыргыз  адабияты

10.02.01 – Кыргыз тили

02.00.03 – Органикалык  химия

02.00.01 –Органикалык эмес химия      

    

Даярдалуучу адистиктер

Университетте бюджеттик жана келишимдик негизде жогорку жана орто билим берүү үчүн  педагогикалык багыттагы бардык адистиктер боюнча кесип ээлери даярдалат.

      Кыргыз-Россия факультети

  1. Филологиялык билим берүү
  • Кыргыз тили жана адабияты
  • Орус тили жана адабияты

             Гуманитардык факультети

  1. Филологиялык билим берүү
  • Англис тили
  1. Социалдык-экономикалык билим берүү
  • Тарых
  1. Социалдык иш
  2. Аймак таануу (япон тили)

  Табият таануу жана география факультети

  1. Табигый илимий билим берүү:
  • Биология
  • География
  • Химия

 

Дене тарбия факультети

  • Дене тарбия

Музыкалык-педагогикалык факультети

  1. Педагогика:
  • Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу
  • Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана усулу
  1. Көркөм билим берүү (музыка)
  2. Психология

     Математика жана компьютердик технологиялар факультети

  1. Физика математикалык билим берүү:
  • Математика
  • Информатика

      Колледж

  1. Башталгыч класстарды окутуу
  2. Мектепке чейинки билим берүү
  3. Социалдык иш
  4. Чет тили
  5. Дене тарбия
  6. Финансы (тармактар боюнча)
  7. Колдонмо информатика (тармактар боюнча)
  8. Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча)
  9. Эсептөө техника каражаттарын жана компьютер тармактарын техникалык тейлөө

 

 

 

Маатымат коомчулук менен байланыш бөлүмү тарабынан даярдалды

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro