Конкурс!!!
А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети төмөнкү кафедралардагы бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт.
№ |
Кафедранын аталышы |
Кызмат орундун аталышы |
||
Кафед. башчысы |
Доцент |
Улук окутуучу |
||
1. |
Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы |
1 орун |
1 орун |
|
2. |
Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасы |
1орун |
1 орун |
1 орун |
3. |
Тарых кафедрасы |
|
1 орун |
|
4. |
Социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы |
|
3 орун |
|
5. |
Математика жана менеджмент кафедрасы |
|
|
2 орун |
6. |
Педагогика жана психология кафедрасы |
|
1 орун |
1 орун |
7. |
Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасы |
|
1 орун |
2 орун |
8. |
Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана усулу кафедрасы |
|
1 орун |
|
9. |
Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасы |
|
1орун. |
|
10. |
Табигый илимдер кафедрасы |
|
|
1 орун |
11. |
Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы |
|
1 орун |
1 орун |
12. |
Дүйнөлүк тилдер кафедрасы |
|
1 орун |
1 орун |
- Кафедра башчысы кызмат орду үчүн талап кылынуучу документтер:
- Ректордун наамына жазылган арыз.
- Адистерди каттоо боюнча толтурулган өздүк баракча (сүрөтү менен).
- Резюме.
- Мурдагы иштеген жеринен мүнөздөмө-жолдомо.
- Жарык көргөн илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, окуу-методикалык куралдардын тизмеси.
- Нотариус аркылуу же иштеген жеринде кадрдык кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими, окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы тууралуу дипломдорунун жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү күбөлүктөрүнүн, сыйлыктарынын, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү.
- Доценттик, улук окутуучулук кызмат үчүн талап кылынуучу документтер:
- Ректордун наамына жазылган арыз
- Резюме
- Адистерди каттоо боюнча толтурулган өздүк баракча (сүрөтү менен)
- Билими, окумуштуулук наамы жана даражасы жөнүндөгү дипломдордун көчүрмөсү
- Жарык көргөн илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, ошондой эле окуу-методикалык куралдардын тизмеси
- Жарык көргөн илимий, усулдук эмгектердин көчүрмөсү
- Кафедранын отурумунун протоколунан көчүрмө
- Факультеттин кеңешинин протоколунан көчүрмө
- Эмгек китепчесинен көчүрмө.
Конкурска арыз берүү мөөнөтү жарыя чыккан күндөн баштап 1 (бир) ай.
Байланыш үчүн телефон: 0777 74 79 50.