Окуу жайдын тарыхы
ОшМПУнун тарыхы
Азыркы учурдагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети алгачкы негизи катарында 1925-жылы түзүлүп, Ош педагогикалык окуу жайы катары биринчилерден болуп өлкөбүздүн түштүгүндө өз ишин жүргүзүп баштаган. Анын башаты республика үчүн окутуучулук кадрлар маселесин чечүү максатында түзүлгөн адистештирилген окуу жайлардан башталат.
Алгач жергиликтүү улуттардын өкүлдөрүнөн мугалимдерди даярдоо максатында 1924-жылдын 17-июнунда Туркестан Крайынын Эл агартуу комиссариатынын чечими менен Ош шаарында алты айлык алгачкы педагогикалык курстар ачылган. Оштогу педагогикалык курстар 1925-жылдын биринчи январына карата I денгээлдеги мектептер үчүн 18 кара кыргыз мугалимин даярдоого жетишкен. Бул курстар 80 угуучуга эсептелип, анын негизги максаты биринчи даражадагы мектептерге жана сабатсыздыкты жоюу мектебине мугалимдерди даярдоо болгон.
Архивдик маалыматтар боюнча Базаркул Данияров Ош шаарындагы педагогикалык техникумдун ачылышына пайдубал түзүп, өзүнүн чоң салымын кошкон. Ал Ош ревкомунун президиумунда 1924-жылдан бери иштеп жаткан педагогикалык курстардын базасында педагогикалык техникумду уюштуруу маселесин көтөргөн. Ош округдук революциялык комитетинин президиуму анын педагогикалык курстарды уюштуруудагы ишмердүүлүгүн эске алып, педагогикалык техникумду түзүү жөнүндөгү комиссияга мүчө кылып киргизген. Буга Ош округдук революциялык комитетинин кичи президиумунун №12 токтомунан көчүрмөсү мисал боло алат.Бул демилгени Ош ревкомунун төрагасы кыргыздын көрүнүктүү ишмерлеринин бири Дали Зулфибаев колдоп, натыйжада Ош округдук революциялык комитетинин 1925-жылдын 15-январындагы №14 токтомунун негизинде бир жылдык “Педагогикалык техникуму” ачылган.
“Ош округдук революциялык комитетинин президиумунун токтому” №14 15-январь, 1925-жыл.
- Педагогикалык курстардын ордуна мектептерге квалификациялуу кызматкерлерди даярдоо максатында 1 жылдык педагогикалык 120 угуучуга эсептелген техникум уюштурулсун.
2. Педагогикалык техникумдун Кара-кыргыз дыйкан эмгекчилерин агартуудагы ролу эске алынып педагогикалык техникумду уюштуруу жана каржылоо областык бюджетке өткөрүлсүн.
Ош округдук ревкомунун административдик саясий бөлүмүнүн башчысы.
(КР Б.А. фонд 647 оп 1-16.)
Оштогу педагогикалык окуу жайдын ачылышы боюнча 1986-жылы басылып чыккан кыргыз СССРинин тарыхында төмөндөгүдөй маалыматтар берилет: “1925-жылдын башында Оштогу 6 айлык курстардын базасында бир жылдык педагогикалык техникуму уюштурулуп окуу мөөнөтү сентябрь айынан 3 жылдык болуп калган.” Аталган маалымат булагы Ош педагогикалык окуу жайын Кыргызстандагы эң алгачкы окуу жай деп атоого негиз боло алат.
Педагогикалык техникум ачылган мезгилде бюджеттин тартыштыгынан материалдык базанын талапка жооп бербеши жана тиешелүү адистердин жоктугу техникум үчүн кыйынчылыктарды туудурган. 1927-жылы педагогикалык техникумда 8 класс болгон жана студенттер эки смен окушкан. Эки бөлмөлүү жатаканада 15 окуучу жашап, калган окуучулар батирде турушкан. Окуу иштери стабилдүү жүргүзүлбөгөндүктөн мугалимдер ар түрдүү жумуштарды аткарышкан. Ал эми мугалимдер жамаатын ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү түзгөн. Алсак: С.Курманов, Б.Данияров - улуту кыргыз, Гарифжанов-татар, Х.Измаилова-лезгинка, С.Салихов-татар, А.Рахимов-уйгур, Хабибулин-татар, Деркенбаев-кыргыз жана башкалар. Мугалимдерге атайын күбөлүк берилген.
Ошол учурда окутуучулардын көпчүлүгү Москва, Ташкент, Алматы шаарларынан билим алышкан. 20-30-жылдарда жаңы түзүлгөн улуттук мамлекеттерди жогорку билимдүү адистер менен камсыз кылуу партиянын жана совет мамлекетинин көңүлүнүн борборунда болгон. Россиянын борбордук райондорунан жогорку профессионалдуу адистер улуттук республикаларга анын ичинде Кыргызстанга дагы жиберилген. Ошондой адистердин бири 1926-жылы Оштогу педагогикалык техникумунда орус тили жана адабияты мугалими болуп өзүнүн эмгек жолун баштаган Лезгин кызы Хабироханум Исмаилова эле. Хабироханум Исмаилова 1926-жылы Орто Азия республикаларына кадрлар менен камсыз кылуу максатында жиберилген. Педагогдор менен келип, жаңы Ош шаарында ачылган Педагогикалык техникумга орус тили жана адабияты предмети боюнча окутуучу болуп дайындалган. Хабироханумдун окуучуларынын бири Кыргыз эл акыны, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Темиркул Үмөталиев аны төмөнкүдөй эскерет: “Хабироханум Исмаиловадан көп бала окудук, менден башка Жоомарт Бөкөнбаев да, Төлөн Шамшиев ал кишиден окуп тарбия алышты. Улуу Ата Мекендик согушта Пруссиядагы кандуу салгылашууларда курман болгон танкистер колоннасынын командири Жаныбек Жоробаев, азыр персоналдык пенсионер Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны, отставкадагы майор Насир Примбердиев республиканын эмгек сиңирген мугалими Нургазы Примкулов, мугалимдер Култай Муратов, Бүргө Асанов, Кадыркул Шеркулов, Нышанбай Алыкулов сыяктуу толуп жаткан жолдоштор ошол жылдары педтехникумда Хабироханумдан билим алышкан”. Хабироханум Исмаилова республиканын элге билим берүү системасына өзүнүн чоң салымын кошкон. Совет өкмөтү Хабироханум Исмаилованын көп жылдык ак ниет эмгегин жогору баалап Эмгек Кызыл Туу ордени жана бир нече медалдар, Ардак грамоталар менен сыйлаган. Ал 1945-жылы Кыргыз СССРинин мектептеринин эмгек сиңирген мугалими деген ардактуу наамга татыктуу болгон. Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиевдин жазгандары Ош педагогикалык окуу жайынын 1925-жылы ачылгандыгын дагы бир жолу тастыктайт.
Ал эми 20-жылдардын экинчи жарымында ишке ашырылган аймактык реформаларларда улуттук жана экономикалык кызыкчылыктар эске алынган. 1928-жылы республикада кантондор жоюлуп анын ордуна райондор түзүлгөн. Кыргыз АССРнин Борбордук Аткартуу комитетинин жана Эл Комиссарлар советинин чечими менен Ош жана Жалал-Абад округдары бириктирилип, Ош округу түзүлгөн. Бул чечим Оштогу педтехникумдун ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизбей койгон жок. 1928-жылы Оштогу педагогикалык техникум Жалал-Абад шаарына көчүрүлгөн. Ош педагогикалык техникумун бүтпөй калган окуучулар Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайда окуусун улантышкан. Педагогикалык техникум кыска мөөнөттө түштүк региону үчүн 300гө жакын мугалимдерди даярдаган. Аталган окуу жай жыл өткөн сайын жаңыланып, бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болгон.
1994-жылы Ош педагогикалык техникуму бир канча жаңы адистиктердин ачылуусу менен Ош педагогикалык колледжи болуп түзүлсө, 1996-жылы Ош жогорку колледжи болуп өзгөртүлгөн. Аталган колледж өлкөдөгү билим берүүдөгү окутууну жаңы деңгээлге көтөрдү, мектептерди, орто-кесиптик жана жогорку окуу жайларды камсыз кылуу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого кеңири жол ачты. 2002-жылы Кыргыз өкмөтүнүн №316 токтомунун негизинде Ош жогорку колледжине “Ош гуманитардык-педагогикалык институту” статусу ыйгарылган. Педагогикалык жамааттын аткарылуучу ишке чыгармачылык мамиле жасоосу, ынтымагы, билим берүү сапаты жана жетекчиликтин колдоосу пединституттун беделин бара-бара жогорулаткан жана анын университет деңгээлине өсүшүнө өбөлгө түзгөн. Ааламдашуунун кучагында окуу жайдын заманбап талаптарга жооп берүүчү ийгиликтүү ишмердүүлүгүн, анын демократиялык кайра түзүлүүдөгү позитивдүү ролун, өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы татыктуу ордун эске алып, 2021-жылдын 5-апрелинде КР Билим берүү жана илим министрлигинин №368\1 буйругунун негизинде окуу жай “Мамлекеттик университет” макамына жетишкен. Тактап айтканда Ош гуманитардык-педагогикалык институту Ош мамлекеттик педагогикалык университети статусуна ээ болгон.
Акыркы жылдары жүргүзүлгөн системалык реформалардын натыйжасында ОшМПУ заманбап көп профилдүү, илимий-билим берүүчү, маданий-агартуучу, Эл аралык кызматташууда жетишерлик бай тажрыйбасы бар окуу жайына айланды.
Университетте соңку кездери атаандаштык шарттарында ийгиликтүү ишмердүүлүктүн экономикалык модели иштелип чыгып, сапаттуу ишке ашырылып жатат. Учурда окуу жай кылымдык тажрыйбаны арттыруу менен өлкөнүн жогорку окуу жайларынын арасында чоң абройго ээ болуп, коомчулукка педагогикалык багытта кесипкөй адистерди даярдоонун түптүү устаканасы катары белгилүү болду.
Учурда окуу жайда 6 факультет, 1 колледж, 1 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 1 аспирантура жана магистратура бөлүмү ишмердүүлүк жүргүзөт. Жалпы 400гө жакын профессордук-окутуучулук курам эмгектенсе, 13 446 студент билим алууда. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмунда 100дөн ашуун жаш жеткинчектер тарбияланып жатат. Университетти педагогика илимдеринин доктору, профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович жетектеп келүүдө.
Тарыхый маалыматтар тарых илимдеринин кандидаты, доцент, маркум Турсун Абжаловдун 2015-жылы топтоштурган маалыматынан алынды.