Кыргыз билим берүүсүнө жана ОшМПУга 100 жыл » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Кыргыз билим берүүсүнө жана ОшМПУга 100 жыл
8 октябрь 2024
65

Кыргыз билим берүүсүнө жана ОшМПУга 100 жыл

Т.Абжалов: ОшМПУ - КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛГАЧКЫ БИЛИМ УЯ

Кыргыз элинин тарыхында Октябрь Революциясынын жеңиши жана совет бийлигинин орношу зор тарыхый мааниге ээ болуп эсптелет. Себеби республикада илим-билимдин өсүшү, анын фундаментинин түптөлүшү советтик доор менен байланыштуу. Совет бийлиги орногон мезгилде Кыргызстандын территориясында жашаган калктын 1,9% гана сабаттуулукка ээ болгон. Кыргызстандын аймагында пайда болгон башталгыч мектептерде, 2 класстык училищеде жана орус-тузем мектептеринде иштеген мугалимдерден жергиликтүү калктын өкүлдөрү болгон эмес. Мына ошондуктан республикада сабатсыздыкты жоюу жана жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн мугалимдерди даярдоо эң негизги маселе эле. 1918-жылы түзүлгөн Туркестан Крайынын Эл Комиссарлар совети билим берүү тармагына байланыштуу бир катар декларацияларды кабыл алган. Алардын бири 1918-жылдын 17-августунда кабыл алынган акысыз өз эне тилинде окутуу жөнүндөгү декларация. Ал документтин негизинде кыргыздар дагы өз эне тилинде окууга укук алышкан. Ошол эле жылы Туркестан Крайынын Эл Комиссарлар советинин алдында эл агартуу комиссиясы, ал эми жер-жерлерде анын бөлүмдөрү түзүлгөн. Бул уезддерде мектептердин санынын өсүшүнө алып келген. Мисалы: Ош уезддинде эле 1918-жылы мектептердин саны 13кө жетип аларда 36 мугалим эмгектенген. Бирок граждандык согуш түштүктөгү басмачыларга каршы күрөш сабатсыздыкты жоюуга түздөн-түз таасирин тийгизген. Мектептерге бөлүнүүчү финансылык каражаттар жергиликтүү бийлик органдарына, советтерге жүктөлгөн. Бул мектептердин материалдык базасын өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген.

1924-жылдын март айынан Туркестан Крайында билим берүүчү мекемелер мамлекеттик бюджетке өткөрүлө баштаган. Жергиликтүү улуттардын өкүлдөрүнөн мугалимдерди даярдоо ал мезгилдеги эң оор маселе болгон. Ушул маселени чечүү максатында 1924-жылдын 17-июнунда Туркестан Крайынын Эл агартуу комиссариатынын чечими менен Ош шаарында алты айлык алгачкы педагогикалык курстар ачылган. Педагогикалык курстарды уюштурууда кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Базаркул Данияровдун ролу чоң.

Базаркул Данияров 1923-жылы Ташкенттеги Казак-Кыргыз агартуу институтун Осмонкул Алиев, Адыгене Ырысбековдор менен бирге бүтүрөт. Ал институтта окуп жүргөндө илимий комиссиянын орун басары кызматын аткарып кыргыз фольклорун эл оозунан жыйнатууга, башталгыч класстардын
окуу китептерин даярдоого активдүү катышат. И.Арабаев менен бирдикте география жана эсеп китептерин казак тилинен кыргыз тилине которушкан. Б.Данияров кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, агартуучу, биринчи кызыл профессор К.Тыныстановдун «Касым ырларынын жыйнагы» аттуу китебине баш сөз жазып, ал жыйнак 1925-жылы Москвадан жарыкка чыккан.

Оштогу педагогикалык курстар 1925-жылдын биринчи январына карата I денгээлдеги мектептер үчүн 18 кара кыргыз мугалимин даярдоого жетишишкен. Педагогикалык курстар 80 угуучуга эсептелип анын негизги максаты биринчи даражадагы мектептерге жана сабатсыздыкты жоюу мектебине мугалимдерди даярдоо болгон. Курстарга 80 угуучу кабыл алынып алар даярдоо деңгээли боюнча 3 топко бөлүнгөн. Угуучулар негизинен Ош жана Жалал-Абад округдарынын жергиликтүү калктарынын өкүлдөрүже ал мезгилдеги түшүнүк боюнча кара-кыргыздар эле. 1925-жылдын 15-апрелине кара-кыргыздардан 30 мугалим даярдоо каралып, калган угуучулар 3 ай же болбосо 15-июлга чейин окуусун улантыш керек болгон. Ош шаарында ачылган педагогикалык курстарды каржылоо маселеси бир топ кыйынчылыктарды туудурган. Себеби, Ош уезди 1924- жылдын 14-октябрына чейин Фергана облусунун карамагында турган. Архивдик маалыматтар боюнча педагогикалык курстарда окуган курсанттарга ар бир айга кийим-кечегинен тышкары 19 рублдан сарпталган. Фергана облусунун аткаруу комитети жергиликтүү кыргыз балдар окуган мектептердин санынын өсүшүнө кошумча каражаттарды бөлгөн эмес. Буга мисал аталган мезгилде Кыргызстандын түндүгүндө жергиликтүү калктын балдары окуган мектептердин саны 266га жетсе, Фергана областында кыргыз мектептердин саны 24тү түзүп, анда окуган кыргыз балдардын саны араң 1298ди түзгөн.

1924-жылдын 14-октябрында Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын түзүлүшү кыргыз элинин тарыхындагы ири тарыхый окуя болгон. Азыркы аймакта кыргыздар 2 миң жылдан ашык тарыхында биринчи жолу мамлекеттүлүккө ээ болгон. Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун мамлекеттик апараты 1924-жылдын декабрына чейин Ташкент шаарында болгондуктан педагогикалык курстарды каржылоо маселесинде бир топ кыйынчылыктар туулган. 1924-жылдын декабрында гана Кыргыз өкмөтү Пишпек шаарына көчүп келип, ККАО ревкомунун президиумунун чечими менен Ош округу түзүлгөн. Буга байланыштуу Ош шаарындагы педагогикалык курстарды каржылоо 1925-жылдын 1-январынан Фергана областык аткаруу комитети тарабынан токтотулуп, курстарды каржылоо Ош жана Жалал-Абад округдук комитеттерине өткөрүлүп берилген.

 

Б.Данияров Ош шаарындагы педагогикалык техникумдун ачылышына пайдубал түзүп өзүнүн чоң салымын кошкон. Ал Ош ревкомунун президиумунда 1924-жылдан бери иштеп жаткан педагогикалык курстардын базасында педагогикалык техникумду уюштуруу маселесин койгон. Ош округдук революциялык комитетинин президиуму Б.Данияровдун педагогикалык курстарды уюштуруудагы ишмердүүлүгүн эске алып, педагогикалык техникумду түзүү жөнүндөгү комиссияга мүчө кылып киргизген. Буга Ош округдук революциялык комитетинин кичи президиумунун №12 токтомунан көчүрмөсү мисал боло алат.

Бул демилгени Ош ревкомунун төрагасы кыргыздын көрүнүктүү ишмерлеринин бири Дали Зулфибаев колдогон. Натыйжада Ош округдук революциялык комитетинин 1925-жылдын 15-январындагы №14 токтомунун негизинде бир жылдык «педагогикалык техникуму ачылган».

1925-жылдагы педагогикалык техникумду ачуу жөнүндөгү Ош округдук революциялык комитетинин кичи президиумунун №12 токтомунун көчүрмөсү
 

 

 

 

"Ош округдук революциялык комитетинин президиумунун №14 15-январь,1925-жыл.

Токтому.
1. Педагогикалык курстардын ордуна мектептерге квалификациялуу кызматкерлерди даярдоо максатында 1 жылдык педагогикалык 120 угуучуга эсептелген техникум уюштурулсун.
2. Педагогикалык техникумдун кара-кыргыз дыйкан эмгекчилерин агартуудагы ролу эске алынып педагогикалык техникумду уюштуруу жана каржылоо областык бюджетине өткөрүлсүн.
Ош округдук ревкомунун административдик саясий бөлүмүнүн башчысы. "
(КР Б.А. фонд 647 оп 1-16.)


Оштогу педагогикалык окуу жайдын ачылышы боюнча 1986-жылы басылып чыккан кыргыз СССРинин тарыхында төмөндөгүдөй маалыматтар берилет: «1925-жылдын башында Оштогу 6 айлык курстардын базасында бир жылдык педагогикалык техникуму уюштурулуп окуу мөөнөтү сентябрь айынан 3 жылдык болуп калган». Бул маалыматтардын негизинде Ош педагогикалык окуу жайын Кыргызстандагы эң алгачкы окуу жай деп атасак болот.
Педагогикалык техникум ачылган мезгилде бюджеттин тартыштыгынан материалдык базанын талапка жооп бербеши жана тиешелүү адистердин жоктугу техникум үчүн кыйынчылыктарды туудурган. 1927-жылы педагогикалык техникумда 8 класс болгон жана студенттер эки смен окушкан. Эки бөлмөлүү жатаканада 15 окуучу жашап, калган окуучулар батирде турушкан. Окуу иштери стабилдүү жүргүзүлбөгөндүктөн мугалимдер ар түрдүү иштерди аткарышкан.

Педагогикалык техникумдун мугалимдер жамаатын ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү түзгөн. Алар С.Курманов, Б.Данияров - улуту кыргыз, Гарифжанов-татар, Х.Измаилова-лезгинка, С.Салихов-татар, А.Рахимов-уйгур, Хабибулин-татар, Деркенбаев-кыргыз жана башкалар. Мугалимдерге атайын күбөлүк берилген.

Мугалимдердин көпчүлүгү Москва, Ташкент, Алматы шаарларынан билим алышкан. 20-30-жылдарда жаңы түзүлгөн улуттук мамлекеттерди жогорку билимдүү адистер менен камсыз кылуу партиянын жана совет мамлекетинин көңүлүнүн борборунда болгон. Россиянын борбордук райондорунан жогорку профессионалдуу адистер улуттук республикаларга анын ичинде Кыргызстанга дагы жиберилген. Ошондой адистердин бири 1926-жылы Оштогу педагогикалык техникумунда орус тили жана адабияты мугалими болуп өзүнүн эмгек жолун баштаган Лезгин кызы Хабироханум Исмаилова эле. Хабироханум Исмаилова 1926-жылы Орто Азия республикаларына кадрлар менен камсыз кылуу максатында жиберилген. Педагогдор менен келип, жаңы Ош шаарында ачылган Педагогикалык техникумга орус тили жана адабияты предмети боюнча окутуучу болуп дайындалган. Хабироханумдун окуучуларынын бири Кыргыз эл акыны, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Темиркул Үмөталиев төмөндөгүдөй эскерет: «Хабироханум Исмаиловадан көп бала окудук, менден башка Жоомарт Бөкөнбаев да, Төлөн Шамшиев ал кишиден окуп тарбия алышты. Улуу Ата Мекендик согушта Пруссиядагы кандуу салгылашууларда курман болгон танкистер колоннасынын командири Жаныбек Жоробаев азыр персоналдык пенсионер Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны, отставкадагы майор Насир Примбердиев республиканын эмгек сиңирген мугалими Нургазы Примкулов, мугалимдер Култай Муратов, Бүргө Асанов, Кадыркул Шеркулов, Нышанбай Алыкулов толуп жаткан жолдоштор ошол жылдары педтехникумда Хабироханумдан билим алышкан». Хабироханум Исмаилова республиканын элге билим берүү системасына өзүнүн чоң салымын кошкон. Совет өкмөтү Хабироханум Исмаилованын көп жылдык ак ниет эмгегин жогору баалап Эмгек Кызыл Туу ордени жана бир нече медалдар, Ардак грамоталар менен сыйлаган. 1945-жылы Кыргыз СССРинин мектептеринин эмгек сиңирген мугалими деген ардактуу наамга татыктуу болгон. Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиевдин жазгандары Ош педагогикалык окуу жайынын 1925-жылы ачылгандыгын дагы бир жолу далилдейт.

20-жылдардын экинчи жарымында ишке ашырылган аймактык реформаларларда улуттук жана экономикалык кызыкчылыктар эске алынган. 1928-жылы республикада кантондор жоюлуп анын ордуна райондор түзүлгөн. Кыргыз АССРнин Борбордук Аткартуу комитетинин жана Эл Комиссарлар советинин чечими менен Ош жана Жалал-Абад округдары бириктирилип, Ош округу түзүлгөн. Бул чечим Оштогу педтехникумдун ишмердигине таасирин тийгизбей койгон жок. 1928-жылы Оштогу педагогикалык техникум Жалал-Абад шаарына көчүрүлгөн. Ош педагогикалык техникумун бүтпөй калган окуучулар Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайда окуусун улантышкан. Педагогикалык техникум кыска мөөнөттө түштүк региону үчүн 300гө жакын мугалимдерди даярдаган.

Маркум, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, Турсун Абжаловдун 2015-жылы топтоштурган маалыматынан алынды.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro