ОшМПУда АЧЫК ТАРБИЯЛЫК САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда АЧЫК ТАРБИЯЛЫК САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ
9 декабрь 2024
179

ОшМПУда АЧЫК ТАРБИЯЛЫК САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ

ОшМПУда АЧЫК ТАРБИЯЛЫК САБАК ӨТҮЛДҮ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде Ан-23к-1 тайпасына факультеттин окутуучусу Гулнара Акылбекова тарабынан ачык тарбиялык саат өткөрүлдү.

Иш чара “Аялдан мурда адамбыз: Кыргыз аялдарынын үнү жана Топчугүл Шайдуллаеванын жан дүйнөгө жеткен аңгемелери” темасында өтүп, гендердик теңдикке багытталган 16 күндүк акциянын алкагында уюштурулган. Мында  катышуучулар жазуучунун “Келин таш” аттуу аңгемесинен үзүндүлөрдү угуп, анын мазмунун талкуулашты.

Сабактын жүрүшүндө аңгеме аркылуу аялдардын коомдогу ролу, алар туш болгон социалдык жана маданий көйгөйлөр жөнүндө кеңири талдоо жүргүзүлдү. Бул менен бирге видеороликтер жана слайддар колдонулуп, катышуучулардын сабакка болгон кызыгуусу артты. Натыйжада студенттерге “Мен билген күчтүү кыргыз аялдары” деген темада эссе жазуу жана Топчугул Шайдуллаеванын чыгармаларын тереңирээк изилдөө сунушталды. Соңунда катышуучулар  өз ойлорун стикерлер аркылуу билдиришти.

Аталган саамалык  аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотуу маселесин талкуулао, гендердик теңдиктин маанисин жана коомдогу аялдардын укуктарын арттыруу максатын көздөйт. Мындан сырткары жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармалары аркылуу кыргыз адабиятындагы аялдардын күчтүү образдарын жана алардын жан дүйнөсүнүн тереңдиктерин ачып берүү пландалган.  

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

  • WWW.NET.KG
Разработка сайта - uDesign.pro