25 декабрь 2024
165
ОшМПУ БӨБӨКТӨРГӨ МАЙРАМДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАДЫ
ОшМПУ БӨБӨКТӨРГӨ МАЙРАМДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАДЫ
Бүгүн “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин эмгек жамаатынын жаш балдарына арналып, окуу жай жетекчилиги тарабынан жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду.
Жаңы жылдык балаты университетте эмгектенген окутуучулардын, кызматкерлердин 2 жаштан 6 жашка чейинки балдарынын катышуусунда өттү. Майрамдык кечеге университеттин ректору Бекмурза Зулуев жана окуу жайдын кесиптик бирлигинин төрагасы Кубаныч Жылкычы уулу баштаган жетекчилик жамаат, окутуучулар жана административдик чарба кызматкерлери катышышты. Ректор балдарга арналган жаңы жылдык куттуктоо сөзүн жолдоп, балдарга чың ден соолук жана жаркын келечек каалады.
Кечени аяз ата, аяз кыз жана түрдүү жаныбарлардын образындагы жомок каармандары, таланттуу жаштардын ыр-бийлери жана оюн-зооктору шаңга бөлөдү. Жыйынтыгында окуу жай жетекчилиги жана профсоюз комитети тарабынан аяз атанын белектери жана таттуулары ырасталып, бардык жаш жеткинчектерге тапшырылды.