Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ АРАСЫНДА СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ
13 январь 2025
53

ОшМПУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ АРАСЫНДА СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

ОшМПУнун ОКУТУУЧУЛАРЫ АРАСЫНДА СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата факультеттер аралык профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер ортосундагы спартакиада старт алды.
Иш чараны алгач университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков салтанаттуу түрдө ачып, спорттук иш чаралардын команданы чыңдоо үчүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бардык катышуучуларга жемиштүү жеңиштерди жана ийгиликтерди каалады.
Салтка айланган бул кышкы спорттук спартакиадада жалпысынан 10 команда ат салышат. Алар 6 факультет, колледж, чарба иштери, администрация бөлүмү жана “Бөбөктай” мектепке чейинки билим берүү мекемеси.
Жобого ылайык спорттук саамалык 13-январдан 18-январга чейин уланып, мында волейбол, баскетбол, шахмат, стол теннис жана тогуз коргоол оюндары өткөрүлөт. Жыйынтыгында алдыңкы орунга ээ болгондор жана активдүү катышуучулар окуу жайдын ректораты жана Профсоюз комитети тарабынан баалуу белектер, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.
Белгилей кетсек мелдеш окутуучуларды сергек жашоо образына багыттоо, кызматкерлер арасында ынтымакты бекемдөө максатында окуу жайдын жетекчилиги жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулууда.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro