19 январь 2025
46
ОКУТУУЧУЛАРДЫН СПАРТАКИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛЫП, ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
ОКУТУУЧУЛАРДЫН СПАРТАКИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛЫП, ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата фаультеттер аралык профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер ортосундагы спартакиада жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү.
Жыйынтыктоочу аземге университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жана окутуучулар катышты. Кеченин жүрүшүндө 1 жумалык таймаштын жеңүүчү командалары жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар окуу жай жетекчилиги жана Профсоюз комитети тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Бул менен бирге активдүү оюнчуларга мыкты чабуулчу, мыкты коргоочу жана мыкты байланыштыруучу номинациялары берилди.
Натыйжада командалык эсепте эң жогорку упай менен 3-орунду табият таануу жана география факультети, 2-орунду колледж, ал эми 1-орунду музыкалык-педагогикалык факультетинин окутуучулары ээледи. Белгилей кетсек салтка айланган кышкы спорттук спартакиада 13-январдан 18-январга чейин уланып, мында катышуучулар спорттун 5 түрү боюнча күч сынашкан.





