9 сентябрь 2025
14
ОшМПУнун Кесиптик бирлигинин төрагасы К.Жылкычы уулу иш сапары менен Туркияга барып келди
ОшМПУнун Кесиптик бирлигинин төрагасы К.Жылкычы уулу иш сапары менен Туркияга барып келди
2025-жылдын 1-5-сентябрында Түркиянын борбору Анкара шаарында Евразия билим берүү союздарынын Эл аралык биримдигинин 17-Өкүлчүлүк Ассамблеясынын жыйыны “Түрк дүйнөсүнүн билим конгресси” өттү.
Конгрессге КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Рустам Нурматов баштаган делегация катышкан. Делегацияга мүчө катары, борбордук комитеттин президиум мүчөсү, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жылкычы уулу да катышып келди.
Конгресстин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү, мугалимдердин социалдык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле кесиптик бирликтердин ортосунда тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.