16 май 2025
27
ОшМПУда ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТИН АЧЫЛУУ АЗЕМИ БОЛДУ
ОшМПУда ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТИН АЧЫЛУУ АЗЕМИ БОЛДУ
Бүгүн, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 100 жылдык мааракесине карата ректордун байгесине арналып спорттун волейбол түрү боюнча эл аралык мелдештин ачылуу аземи болуп өттү.
Иш чараны университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып, өз сөзүндө мааракеге арналган мелдешти жогорку маанайда өткөрүп, ден соолукту чыңдоо менен ынтымакты бекемдеп, достукту арттыруу башкы максат экенин белгилеп, оюнчуларга ийгилик каалады.
Аземге КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Жаштык” дирекциясы, Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү катышып, алар окуу жайдын 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, өз белектерин тартуулашты.
Мелдешке Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университети, Андижан мамлекеттик университети жана Кыргызстандан Баткен мамлекеттик университети, Жалал-Абаб мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети , Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Оштогу филиалы жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин курама топтору өзгөчө даярдык катышууда. Алдыда жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.



