17 май 2025
0
ОшМПУнун 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
ОшМПУнун 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу тууралуу жарлыгынын алкагында жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 100 жылдык мааракесине карата ректордун байгесине арналып өткөрүлгөн волейбол боюнча Эл аралык мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.
Мелдешке Өзбекстандын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын окутуучулары, кызматкерлери катышып, оюн 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку агайлар, эжекелер ортосунда өткөрүлдү. ЖОЖдор аралык ынтымакты бекемдөөнү жана ден соолукту чыңдоону башкы максат кылган бул спорттук саамалык оюнчулардын бүйүр кызыткан таймашы жана көрүүчүлөрдүн күчтүү сүрөөнү менен коштолду.
Мелдешке Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университети, Андижан мамлекеттик университети жана Кыргызстандан Баткен мамлекеттик университети, Жалал-Абаб мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети , Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Оштогу филиалы жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин курама командалары катышкан.
Жыйынтыгында 40 жаштан жогорку курактагы эжекелер ортосунда 4- орунду Ж.Баласагын атындагы КУУнун Оштогу филиалы, 3-орунду ОшТУ, 2-орунду ОшМПУ эл эми 1-орунду ОшМУнун командасы камсыздашты. Дал ушул категорияда агайлар ортосунда 4-орунга БатМУ, 3-орунга ОшТУ, 2-орунга ОшМУ, 1-орунга ОшМПУнун командасы ээ болду.
Ал эми 40 жашка чейинки курактагы эжекелер ортосунда 4-орунга ЖАМУ, 3-орунга ОшМПУ, 2-орунга ОшТУ, 1-орунга ОшМУнун командасы ээ болсо, агайлар ортосунда 4-орунду ОшМПУ, 3-орунду ЖАМУ, 2-орунду КӨЭАУ, 1-орунду Ош мамлекеттик университети багындырды.