26 май 2025
9
Кесиптик бирликтин мыктылары сыйланды
Кесиптик бирликтин мыктылары сыйланды
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгына карата Бириккен кесиптик бирлик комитетинин отуруму болуп, айрым мүчөлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Иш чарага КРнын билим жана илим кызматкерлеринин борбордук комитетинин Оштогу өкүлү Эшполот Ажиматов, окуу жайдын ректору, профессор Бекмурза Зулуев, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жылкычы уулу, баштапкы кесиптик бирликтин жетекчилери жана окутуучулар катышты.
Отурумдун башында төрага К.Жылкычы уулу университетте кесиптик бирликтин аткарган иштери боюнча маалымат берип, окуу жылынын жыйынтыгына жана окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата аталган иш чара уюштурулганын маалымдады. Бул менен катар ректор Б. Зулуев университеттин ишмердүүлүгүнө кыскача токтолуп, аткарылып жаткан иштер, кызматкерлер үчүн түзүлүп жаткан шарттар, эмгек акы, социалдык маселелер боюнча алгылыктуу кадамдар ташталып жатканын белгиледи.
Ошондой эле өкүл Э. Ажиматов Борбордук комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан кесиптик бирликтин реформалык иштери боюнча маалымат берип, өлкөдө профсоюздун аброюн жогорулатууга чечкиндүү кадамдар ташталып жатканын кошумчалады. Бул менен бирге ар бир мүчөнүн укугун коргоо, социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, эс алууларын уюштуруу, ден-соолугун чыңдоо сыяктуу иштер кызуу жүрүп жатканын айтып өттү.
Иш чаранын соңунда билим берүүдө, илимде, коомдук-маданий жана спорттук иштердеги активдүүлүгү менен окуу жайдын жана кесиптик бирликтин өнүгүүсүнө салым кошкон кызматкерлерге "Билим жана илим профсоюзунун мыктысы" төш белгиси, борбордук комитеттин "Ардак грамотасы" жана ОшМПУнун кесиптик бирлигинин "Ардак грамотасы" тапшырылды.


