ОшМПУда 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди
31 май 2025
18

ОшМПУда 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди

ОшМПУда 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди
1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде шаңдуу белгиленип, маданий-оюн-зоок программасы уюштурулду.
Иш-чарага университеттин окутуучуларынын жана кызматкерлеринин балдары катышып, майрамдык маанайда өткөрүлгөн саамалыкка күбө болушту. Салтанатты окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, бөбөктөрдү майрамы менен кызуу куттуктады. Ректор өз сөзүндө балдардын коопсуздугун, билим алуусун жана бактылуу балалыгын камсыздоо коомчулуктун жалпы жоопкерчилиги экенин белгилеп өттү.
Майрамдык программанын жүрүшүндө балдар окуу жайдын аянтында сүрөт тартышып, ар кандай оюн-зоокторго катышып, таттууларга жана белектерге ээ болушту. Ошондой эле жомок каармандары жаш жеткинчектердин көңүлүн көтөрүп, алар менен биргеликте бийлешип, салтанат балдардын маанайын көтөрө турган концерттик программа менен коштолду.
Белгилей кетсек, иш-чара университеттин жетекчилиги жана Профсоюз комитети тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro