Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
7 октябрь 2025
6

Биз жөнүндө

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кесиптик бирлик комитети 

 

Ош мамлекеттик педагогикалык университети — Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку билим берүү системасында өзгөчө орду бар кылым жашаган окуу жай. Анын тарыхы 1925-жылга барып такалат. Ал кезде республика үчүн мугалим кадрларды даярдоо эң маанилүү маселе болгондуктан, 1924-жылы Ош шаарында алгачкы алты айлык педагогикалык курстар ачылган. Бул курстардын негизинде 1925-жылдын 15-январында Ош округдук революциялык комитетинин токтому менен расмий түрдө Ош педагогикалык техникуму ачылып, 120 угуучуга эсептелген бир жылдык окуу башталган. Ошол эле жылдын сентябрынан баштап окуу мөөнөтү үч жылга узартылган.  Бул окуу жай Кыргызстандын түштүгүндөгү биринчи педагогикалык билим берүү мекемеси катары калыптанып, бара-бара техникум, кийин институт, андан соң университет макамына ээ болгон. Баштапкы жылдары материалдык-техникалык база начар, кадрлар жетишсиз болсо да, ар кайсы улуттардан чыккан мугалимдердин күжүрмөн эмгегинин аркасында окуу жай калыптанып, өз ишин ийгиликтүү улантып келген. 20–30-жылдары билим берүүнүн кеңейиши менен бул мекеменин салмагы жана ролу өскөн. 

Окуу жайдын өнүгүшү менен катар, эмгек жамаатынын кызыкчылыгын коргой турган коомдук уюм — кесиптик бирлик уюму (профсоюз) да өз ишин баштаган. Тарыхый документтерде так көрсөтүлбөгөнү менен, 1930-жылдардан тартып мекеменин айланасында жамааттык ишмердик күчөп, мугалимдердин укугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында кесиптик бирлик уюму калыптана баштаган. Ошол жылдары профсоюз мүчөлөрүнүн саны 20–30 кишиден ашпаган.  1940–1950-жылдарда билим берүү мекемеси кеңейип, окутуучулардын саны өскөн сайын, профсоюз уюму да чыңдалып, 100гө чукул мүчөсү болгон. 1960-жылдары студенттердин саны көбөйүп, жалпы мүчөлөр 600–700гө жетип, 1990-жылдарга чейин профсоюз күчтүү коомдук уюм  катары иш алып барган. Эгемендүүлүктөн кийин да кесиптик бирлик  өз ишмердүүлүгүн улантып, бүгүнкү күндө 500дөн ашык кызматкер анын мүчөсү. 

Профсоюз комитетин жетектегендер: 

  • 1968–1970-жж. — Жумабаев Абдылда
  • 1970–1980-жж. — Михаил Владимирович Лебеденко
  • 1980–1990-жж. — Маслов Геннадий Владимирович
  • 1990–1998-жж. — Кудайбердиев Авазбек
  • 1998–2024-жж. — Кошбаев Алманбет Бекжанович
  • 2024-жылдын жылдын ноябрь айынан тарта комитетти Кубанычбек Жылкычы уулу жетектеп келүүдө.

            ОшМПУнун кесиптик бирлик комитети Кыргыз Республикасынын Конститутциясына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Профессионалдык союздар жөнүндө”,  “Коомдук бирикмелер жөнүндө”, “Эмгекти коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери тармагындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” ж.б. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Уставына, университтин администрациясы менен түзүлгөн жамааттык келишимге жана башка ченемдик, укуктук актыларга ылайык иш алып барат.

 

Комитет университеттин администрациясы менен түзүлгөн Жамааттык келишимдин негизинде кызматкерлердин укуктарын, социалдык-экономикалык абалын, эмгек жана ден соолук шарттарын жакшыртууга багытталган иш-аракеттерди жүргүзөт.  Учурда ОшМПУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан баштапкы кесиптик бирликтин  лидерлери үчүн окуу семинарлар уюштурулуп, өз ишмердигин жакшыртуу квалификацияны жогорулатуу боюнча түрдүү иш-чаралар ырааттуу түрдө  өткөрүлүп келет. Комитеттин мүчөлөрүнүн социалдык-укуктук кызыкчылыктарын, эмгекти коргоо, жумуш шарттарын жакшыртуу, илимий-педагогикалык чыгармачылыктарын колдоо жана тиешелүү жетекчиликтерге кызматкерлерди сыйлоо, эмгек акыны жогорулатуу жана эмгекти материалдык жактан стимулдаштыруу боюнча сунуштарды берет. Профсоюздун муктаж мүчөлөрүнө дайыма материалдык жардамдар көрсөтүлүп, майыптыгы бар кызматкерлерге, жалгыз бой энелерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жаш үй-бүлөлүүлөргө жана оорулууларга атайын көңүл бурулуп, санаторияларга кезексиз жолдомо берүү аракеттери жүрүүдө. Мындан тышкары жамаат менен   маданий-массалык жана спорттук иш-чараларды уюштуруу, майрамдык жана белгилүү даталарды салтанаттуу белгилөө салтка айланган. Ошондой эле кызматкерлер менен жетекчиликтин ортосунда өнөктөштүк иштердин деңгээлин жакшыртуу,  кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу,  зыяндуу жумуш орундар үчүн кошумча төлөмдөрдү төлөө, профсоюзга студенттерди мотивациялоону күчөтүү, жаш кызматкерлерди, жалпы эле турак-жайга муктаждар үчүн ипотекалык кредиттерди алууга көмөктөшүү, жамаат ичинде ынтымакты, биримдикти бекемдөө, жакшы иштерди кенен жайылтуу, ардагерлерге урмат-сый көрсөтүү, жаштарга маданияттуулукту  үйрөтүү жана таалим-тарбия берүү, айлана-чөйрөнүн жана жан дүйнөнүн тазалыгын сактоо, аларга ар тараптуу моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды аткаруу, кызматкерлер менен студенттердин социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоо иштери да жолго коюлду.

Кесиптик бирлик жамаат менен администрациянын ортосундагы көпүрө катары аракеттенип, ар бир кызматкердин үнү угулушуна шарт түзөт. Бүгүнкү профсоюз — бул ишеним, биримдик, жоопкерчилик менен куралган жамааттык күч. Ал күчтүн артында кесипке берилген, адамдык баалуулукту туу туткан мыкты мугалимдер, кызматкерлер жана демилгелүү лидерлер турат.

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro