4 декабрь 2024
126
ОшМПУда КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
ОшМПУда КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 3-декабрь-Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата “Кайрымдуу бол” акциясы уюштурулду.
Аталган акцияга окуу жайдын жалпы окутуучулар жамааты жана студенттери активдүү катышып, ыктыярдуу түрдө каражат чогултуп беришкен. Чогулган акча каражаты Ош шаарында жашаган аз камсыз болгон 2 үй-бүлөгө, операцияга муктаж болгон 1 кичинекей бөбөккө жана университетте билим алып жаткан 1 студентке тапшырылып, алар тарабынан жылуу пикирлер, ыраазычылыктар жана ак баталар айтылды. Бул сыяктуу кайрымдуулук акциялар студенттерди боорукерликке, камкордукка чакыруу, сый – урмат көрсөтүүгө тартуу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.