28 февраль 2025
89
ОшМПУ ТАЗА ШААР ҮЧҮН!
ОшМПУ ТАЗА ШААР ҮЧҮН!
Бүгүн Ош шаарында башталган үч айлыктын алкагында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жамааты жазгы ишембиликке чыгышты.
Ишембиликке профессордук-окутуучулук курам, чарба кызматкерлери жана студенттер катышып жатат. Мында окуу имараттардын короолорун тазалоо, жашылдандыруу, бактарды сырдоо, арыктарды, жол жээктерин тазалоо жана тосмолорду жууп тазалоо иштери жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек 27-февралда Ош шаарынын мэриясында шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча штабынын биринчи отуруму өтүп, жыйында үч айлык жарыяланган. Аны менен бирге жооптуу кызматкерлерге тиешелүү талаптар коюлуп, жазгы үч айлык боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген. Ага ылайык жазгы үч айлыктын жыйынтыгы төмөндөгү номинациялар боюнча чыгарылмакчы:
Мыкты муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыгы;
Мыкты көп кабаттуу үй;
Мыкты социалдык мекеме;
Мыкты муниципалдык ишкана;
Мыкты көчө;
Шаардын көрктөндүрүүсүнө көмөк көрсөткөн жеке менчик ишкана.