15 апрель 2025
15
ОшМПУнун АГАЙЛАРЫ БИЛЬЯРД БОЮНЧА МЕЛДЕШТЕ
ОшМПУнун АГАЙЛАРЫ БИЛЬЯРД БОЮНЧА МЕЛДЕШТЕ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучу агайлары, кызматкерлери арасында салтка айланган спорттун бильярд түрү боюнча мелдеш өттү.
Иш чара окуу жайдын 100 жылдыгына жана 9-май Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулуп, ал университеттин ректораты жана профсоюз комитети тарабынан каржыланды.
Мелдеш курактар боюнча 2 бөлүктөн туруп, 40 жашка чейинкилер жана жогоркулар ортосунда өз ара болду. Күн кечке уланган оюндун жыйынтыгында 40 жашка чейинкилер арасында 3-орунга Төлөгөн Сасыкбаев, 2-орунга Залкар Шарапов, 1-орунга Данияр Осмоналиев ээ болду жана Замир Камбаров мыкты оюнчу номинациясы менен сыйланды.
40 жаштан жогоркулар арасында 3-орунду Талант Кармышаков, 2-орунду Жакып Мамажанов, 1-орунду Капар Кудайкулов ээледи. Ал эми Эралы Арынбаев мыкты оюнчу, Эркин Касымбеков ардагер оюнчу наамы менен сыйланышты.