ОшМПУда 10 кызматкерге акысыз жолдомо тапшырылды
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профсоюз комитети тарабынан окуу жайда эмгектенген 10 кызматкерге “Жалал-Абад” санаториясына 6 күндүк жолдомо берилди.
Кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоо, саламаттыгына кам көрүү максатында уюштурулган жолдомолор ОшМПУнун 100 жылдыгына карата билим берүүдө, коомдук-маданий, спорттук жана чарба иштеринде үзүрлүү эмгектенген профсоюз мүчөлөрүнө ыйгарылды.
Факультеттерден, бөлүмдөрдөн сунушталган окутуучуларды ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев жана профсоюз комитетинин төрагасы Кыбанычбек Жылкычы уулу кабыл алып, жолдомолорду расмий түрдө тапшырышты.
Белгилей кетсек окуу жайдын профсоюз комитети “Жалал-Абад” санаториясы менен келишим түзүп, мүчөлүк акыдан түшкөн бюджеттин эсебинен жолдомолорду сатып ала баштады. Алдыда башка санаториялар, куроттор менен да иштешүү пландалып жатканы айтылды.