ОшМПУнун жаңы ректору Жылдыз Артыкова жамаатка тааныштырылды

Бүгүн, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жаңы дайындалган ректор Жылдыз Артыкованы эмгек жамаатка расмий тааныштыруу аземи өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Укук башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов, Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, мурдагы ректор Бекмурза Зулуев, окуу иштери боюнча проректор Каныбек Раимбеков жана университеттин эмгек жамааты катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бектур Ибрагимов министрликтин тиешелүү буйругу менен тааныштырды. Ага ылайык, Жылдыз Артыкова 2026-жылдын 26-октябрындагы №162 буйругуна ылайык, 2026-жылдын 27-октябрынан тартып А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору кызматына дайындалды.

Жаңы ректор Жылдыз Артыкова көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, университеттин өнүгүшүнө жамаат менен биргеликте салым кошууга даяр экенин белгиледи.

“Мен үчүн бул - чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик. Мага ишеним көрсөтүп жаткан чечим үчүн ыраазычылык билдирем. ОшМПУ - кылымдык тажрыйбасы бар, өлкөбүз үчүн зор эмгек жасап келе жаткан түптүү окуу жай. Университеттин бүгүнкү жетишкендиги - сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасы. Мен тараптан аракет жана жигердүү кадамдар болсун, сиздер тараптан колдоо болсун. Мындан ары да бир муштумдай болуп, ынтымакта иштешүүгө чакырам”,-деди Жылдыз Артыкова.

Өз кезегинде Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова университет менен шаар мэриясынын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты белгилеп, жаңы ректордун дайындалышына кубанычта экенин билдирди.

Маалымат үчүн: Жылдыз Абдисаламовна Артыкова физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Билим берүү тармагында көп жылдык педагогикалык жана жетекчилик тажрыйбага ээ.

Эмгек жолун 2001-жылы Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин информатика кафедрасында окутуучу болуп баштаган. Кийинчерээк аталган университетте улук окутуучу, декандын илим жана тышкы байланыштар боюнча орун басары, Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору кызматтарын аркалаган.

Жылдыз Артыкова соңку жылдары Билим берүү тармагындагы эл аралык долбоорлорго катышып, көп тилдүү билим берүү, STEM жана окутуунун инновациялык технологиялары багыттарында эксперт, консультант жана тренер катары иш алып барган.

2025-жылдын январь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун аткаруу бөлүмүндө предметтик стандарттарды жана окуу китептерин кайра карап чыгуу боюнча улуттук эксперт болуп эмгектенген.

2026-жылдын август айынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунда улук илимий кызматкер болуп иштеп келет.