А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети төмөнкү кызмат орундарына конкурс жарыялайт
|
№ |
Кафедранын аталышы |
Кызмат орундун аталышы |
Кызмат орундун саны |
|
|
Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы |
Улук окутуучу |
1 орун |
|
2. |
Педагогика жана психология кафедрасы |
Кафедра башчысы
|
1 орун |
|
3. |
Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана усулу кафедрасы
|
Кафедра башчысы
Доцент
Улук окутуучу |
1 орун
1 орун
1 орун |
|
4. |
Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы |
Доцент |
1 орун |
|
5. |
Орус тили жана адабияты кафедрасы |
Улук окутуучу |
1 орун |
|
6. |
Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасы |
Улук окутуучу |
2 орун |
|
7. |
Табигый илимдер кафедрасы |
Кафедра башчысы
Доцент |
1 орун
1 орун |
|
8. |
Дене маданиятынын назарияты жана усулдук негиздери кафедрасы |
Кафедра башчысы |
1 орун |
Кафедра башчысы кызматы үчүн талап кылынуучу документтер:
- Ректордун наамына жазылган арыз.
- Адистерди каттоо боюнча толтурулган өздүк баракча (сүрөтү менен).
- Резюме.
- Мурдагы иштеген жеринен мүнөздөмө-жолдомо.
- Жарык көргөн илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, окуу-методикалык куралдардын тизмеси.
- Нотариус аркылуу же иштеген жеринде кадрдык кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими, окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы тууралуу дипломдорунун жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү күбөлүктөрүнүн, сыйлыктарынын, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү.
Кафедранын доценти, улук окутуучусу кызматы үчүн талап кылынуучу документтер:
- Ректордун наамына жазылган арыз
- Резюме
- Адистерди каттоо боюнча толтурулган өздүк баракча (сүрөтү менен)
- Билими, окумуштуулук наамы жана илимий даражасы жөнүндөгү дипломдордун көчүрмөсү
- Жарык көргөн илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, ошондой эле окуу-методикалык куралдардын тизмеси
- Жарык көргөн илимий, усулдук эмгектердин көчүрмөсү
- Кафедранын отурумунун протоколунан көчүрмө
- Факультеттин кеңешинин протоколунан көчүрмө
- Эмгек китепчесинен көчүрмө.
Конкурска арыз берүү мөөнөтү жарыя чыккан күндөн баштап 1 (бир) ай.
Байланыш үчүн телефон: 0777 74 79 50.
Добавить новый комментарий